# КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 27-июнундагы № 3193-VI "А.Ш. Атамбаевди Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусунан ажыратуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 27-июнундагы № 3193-VI "А.Ш. Атамбаевди Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусунан ажыратуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3193-VI
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.06.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/14332>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-942/edition/955514/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/14332.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 27-июнундагы № 3193-VI "А.Ш. Атамбаевди Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусунан ажыратуу жөнүндө" токтому (27.06.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/14332

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 27-июну № 3193-VI

А.Ш. Атамбаевди Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусунан ажыратуу жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш. Атамбаевди статусунан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 20-июнундагы № 3138-VI токтомунун жана Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш. Атамбаев Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын аткарган мезгилде жасаган аракеттеринде кылмыш белгилеринин бар экендиги тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Ө.А. Жамшитовдун 2019-жылдын 24-июнундагы корутундусунун негизинде “Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 4 жана 6-бөлүктөрүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш. Атамбаев Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын аткарган мезгилде жасаган аракеттеринде кылмыш белгилеринин бар экендиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Ө.А. Жамшитовдун корутундусу эске алынсын.

2. А.Ш. Атамбаев Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусунан ажыратылсын.

3. Ушул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна жиберилсин.

Төрага

Д.А. Джумабеков
