# Закон КР от 23 марта 2004 года № 46 " О внесении изменения в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"

- Актынын түрү: Закон
- Номери: 46
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1431>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1368/edition/855495/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1431.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Закон КР от 23 марта 2004 года № 46 " О внесении изменения в Уголовный кодекс Кыргызской Республики" (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1431

---

КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 2004-жылдын 23-марты № 46

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1431/st-1)

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., N 7, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 294-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "мүлкүн конфискациялоо менен он беш жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат."; 319-статьянын экинчи абзацындагы "же болбосо өлүм жазасына тартылат" деген сөздөр алып салсынсын; 340-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "мүлкүн конфискациялоо менен он эки жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1431/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 2004-жылдын 26-мартында "Эркинтоо" гезитинин N 24 санында жарыяланган.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Акаев

2004-жылдын 20-январында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган
