КР Өкмөтүнүн «Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, күчтөрүн жана калкты Жарандык коргонуу тармагында даярдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 24-июну № 315 Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, күчтөрүн жана калкты Жарандык коргонуу тармагында даярдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, күчтөрүн жана калкты Жарандык коргонуу тармагында даярдоону өркүндөтүү максатында, "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5 жана 8-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, күчтөрүн жана калкты Жарандык коргонуу тармагында даярдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен бирдикте мамлекеттик билим берүү стандарттарын жана негизги билим берүү программаларын иштеп чыгууда жалпы билим берүү уюмдарында, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында окугандарга Жарандык коргонуу тармагындагы даярдануунун милдеттүү билим берүү минимумун караштырсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) Жарандык коргонуу тармагындагы билимди, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарын колдонуу менен пропагандалоону камсыздашсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-ноябрындагы № 780 "Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын жана күчтөрүн даярдоонун, калкка Жарандык коргонуу тармагында маалымат берүүнүн бирдиктүү системасы жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 5-июлундагы N 56 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М.Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (7)
- Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, күчтөрүн жана калкты Жарандык коргонуу тармагында даярдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Положение · 24.06.2019 · № 315
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 29-январындагы № 20 "2026-жылга Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жаатындагы пландарын бекитүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 29.01.2026 · № 20
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 711 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-июнундагы № 315 "Жарандык коргонуунун башкаруу…Постановление · 26.12.2023 · № 711
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-ноябрындагы № 780 "Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын жана күчтөрүн даярдоонун, калкка Жарандык коргонуу тармагында маалымат берүүнүн бирдиктүү…Постановление · 21.11.2012 · № 780 · Күчүн жоготкон
- Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын жана күчтөрүн даярдоонун, калкка Жарандык коргонуу тармагында маалымат берүүнүн бирдиктүү системасы жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын…Положение · 21.11.2012 · № 780 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 17-февралы ПЖ № 54 "2025-жылга Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жаатындагы пландарын бекитүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 17.02.2025 · № 54 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 9-февралындагы ПЖ № 25 "2024-жылга Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жаатындагы пландарын бекитүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 09.02.2024 · № 25 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Жарандык коргонуу жөнүндөЗакон · 24.05.2018 · № 54
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-ноябрындагы № 780 "Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын жана күчтөрүн даярдоонун, калкка Жарандык коргонуу тармагында маалымат берүүнүн бирдиктүү…Постановление · 21.11.2012 · № 780 · Күчүн жоготкон