8-статья
Күчүн жоготкон · 03.03.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 3 марта 2023 года № 49.
Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбасына арналбаган жерлерди пайдаланууда жер салыгын дифференциялоо үчүн экологиялык баалоо (К-1) жана функциялык арналыш (К-3) коэффициенттери колдонулат. Төмөнкү коэффициенттер белгиленсин:
1) экологиялык баалоо коэффициенти:
а) К2 = 2 автомобилдерге май куюучу бекеттер үчүн берилген жер участкаларына;
б) К2 = 1,5 төмөнкүлөргө берилген жер участкалары үчүн:
- автосервис ишканаларына (техникалык тейлөө станциялары, автомобилдерди оңдоочу мастерскойлор, автомобиль жуучу жайлар, вулканизация станциялары);
- коомдук тамактануу, соода ишканаларына;
- тейлөө чөйрөсүнүн субъектилерине (сауналар, мончолор, химиялык тазалоо, бое мастерскойлору);
- чакан базарларга, базарларга, анын ичинде мал базарларына, соода базар комплекстерине.
Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 7-сентябрындагы N 668 “Жерди бузуп зыян келтиргени үчүн материалдык жоопкерчилик жөнүндө” токтому
2) функциялык арналыш коэффициенти К3:
төмөндөгүлөргө берилген жер участкалары үчүн:
- соода аянтына жараша дүкөндөргө, күркөлөргө, ларекторго жана башка соода мекемелерине:
Соода аянты (ч.м )
10го чейин
10,1-20
20,1-35
35,1-50
50,1 ашык
Коэффициенти
15
11
7
5
4
- чакан базарлар, базарлар, соода базар комплекстери - 5;
- мал базарлары, тоют базарлары - 3;
- коомдук тамактануу мекемелери, мейманканалар - 2;
- банктар, ломбарддар, акча алмаштыруу пункттары - 5;
- оюн-зоок жайлары (казино, түнкү клубдар) - 4;
- офистер, бизнес борборлору, биржалар - 2,5;
- автомай куюучу бекеттер - 5;
- айылдык мунайбазалар - 1,5;
- автомобилдерди токтотуучу жайлар, автосервис ишканалары - 3;
- жарнама курулмалары - 50;
- транспорт ишканаларынын администрациялык имараттары: аэровокзалдар, автовокзалдар, автобекеттер, темир жол вокзалдары -0,9;
- автотранспорттук ишканалардын, автобазалардын, автогараждардын кызматтык-техникалык аянттары: (административдик имараттар, кызматтык -техникалык имараттар, курулмалар, кампалык жайлар ж.б.) - 0,7;
- өнөр жай, транспорт (жүк терминалдарынын, деңиз портунун кызматтык-техникалык имараттары, курулмалары), курулуш, байланыш жана энергетика ишканалары - 0,5;
- кен өнөр жай ишканалары, темир жол транспортунун жүк ташуучу бекеттери, темир жана аба жолдор транспортунун санитардык коргоо зоналары - 0,3;
- иштетилип жаткан кендер, карьерлер, шахталар, разрездер, иштетилген калдыктардын сакталмалары - 0,05;
- геологиялык чалгындоо, долбоордук - иликтөө, чалгындоо жана изилдөө иштерине - 0,005;
- байланыштын жана электр берүүнүн линияларына - 0,01;
- коммерциялык илимий (окуу жайлар), билим берүү (мектептер, бала бакчалар), саламаттык сактоо, маданият, физкультуралык-спорт мекемелери - 0,3;
- калктуу конуштардын чектеринде жайгашкан айыл чарбасынын өндүрүштүк имараттары (гараждар, оңдоо мастерскойлору, кырмандар, эгин тазалоочу комплекстер, жашылча-картошка сактоочу жайлар, курулуш жана чарба короолору, жана башка айыл чарба багытындагы объектилер) - 0,2.
Конкреттүү менчик ээлери жана пайдалануучулар үчүн жерге жыл сайынкы салыктын суммасы (Н) төмөнкү формула боюнча аныкталат: Н = С х S х К1 х К2 х К3 (сом), мында: С - жер салыгынын ставкасы (ч.м/сом); S - жер тилкесинин аянты ч.м менен; К - коэффициенттер.
Берененин тексти 03.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Постановление Правительства КР от 7 сентября 2004 года № 668 "О материальной ответственности за ущерб, причиненный порчей земель"Постановление · 07.09.2004 · № 668 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1430/st-8" title="8-статья - О базовых ставках земельного налога за пользование сельскохозяйственными угодьями, приусадебными и дачными земельными участками, землями населенных пунктов и несельскохозяйственного назначения на 2004 год (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>