Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 745 „Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежеси жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 11 сентября 2025 года № 578 "О Правилах выплаты Социальным фондом Кыргызской Республики при Кабинете Министров Кыргызской Республики средств пенсионных накоплений Государственного накопительного пенсионного фонда"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-09-11.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы № 578 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 24-июну № 310 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 745 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежеси жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2377-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин 2018-2022-жылдар мезгилине карата "Биримдик. Ишеним. Жаратмандык" программасын ишке ашыруунун алкагында пенсиялык топтоо каражаттарын төлөө механизмдерин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 745 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежеси жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежесинде:
- 3-пунктунда:
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- майыптыгы кайра күбөлөндүрүү мөөнөтүн көрсөтпөстөн (мөөнөтсүз) белгиленген I жана II топтогу майыптыгы боюнча пенсия алган, ошондой эле пенсиянын ушундай түрүнө укугу бар жана "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсия чектөө үчүн кайрылган адамдарга;"; үчүнчү абзацындагы "пенсиянын 15 базалык бөлүгүнөн" деген сөздөр "өткөн жылы пенсионердин иш жүзүндө түзүлгөн жашоо минимумунун 30 эселенген көлөмүнө барабар суммадан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пунктунда:
төртүнчү абзацындагы "мөөнөттүү" деген сөз "бир жолку" деген сөз менен алмаштырылсын; бешинчи абзацындагы "арыз ээсинин кайрылган жылдын 1-январына карата эсептелген" деген сөздөр алып салынсын;
- 5 жана 6-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Мөөнөттүү пенсиялык төлөм "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсияга чыгууга укуктуу жана пенсия чектөө үчүн кайрылган, пенсиялык топтоолорду төлөө же пенсия чектөө үчүн кайрылган учурда пенсиялык топтоолорунун суммасы пенсионердин өткөн жылы иш жүзүндө түзүлгөн жашоо минимумунун 30 эселенген көлөмүнө барабар суммадан ашкан, ушул Эреженин 3-пунктунун алтынчы абзацында көрсөтүлгөндөн башка адамдарга берилет. Мөөнөттүү пенсиялык төлөм ай сайын берилет. Мөөнөттүү пенсиялык төлөм мезгили алуучу тарабынан тандалат, бирок 3 жылдан аз болбошу керек.
6. Мөөнөттүү пенсиялык төлөмдүн өлчөмү төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат:
МПТ = (ПТ * К) / 12, мында
МПТ - бир айлык мөөнөттүү пенсиялык төлөмдүн өлчөмү; ПТ - мөөнөттүү пенсиялык төлөм дайындала турган күнгө карата камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө эсепке алынган пенсиялык топтоо каражатынын суммасы; К - курагы боюнча пенсияга чыгуу жашына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин акыркы беш жылдын ичинде эркектердин жана аялдардын өмүрүнүн орточо узактыгы жөнүндө анык демографиялык маалыматтары боюнча жыл сайын белгиленүүчү актуардык коэффициент; "К" актуардык коэффициенти жыл сайын эсептелет. Ал Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңешинде каралат жана бекитилет.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 6-1-пункт менен толукталсын:
"6-1. Бир жолку жана мөөнөтүү төлөмдөр пенсияга укугу бар жана пенсия чектөө үчүн кайрылган, пенсиясынын камсыздандыруу бөлүгү пенсионердин өткөн жылы иш жүзүндө түзүлгөн үч жашоо минимумунун көлөмүнөн ашкан адамдарга төлөнөт. Бир жолку жана мөөнөтүү төлөмдөрдүн өлчөмү ушул Эреженин 4 жана 6-пункттарына ылайык аныкталат."; 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "7. Пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоодон алынган инвестициялык киреше пенсиянын топтоо бөлүгүн алуучуларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте төлөнүүгө тийиш. Инвестициялык кирешенин өлчөмү камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебиндеги пенсиянын топтомо бөлүгүндө чагылдырылат.".
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу тийиштүү чараларды көрсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 745 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежесинин 5-пунктунун экинчи абзацы 2020-жылдын 1-январына чейин колдонулаары белгиленсин.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет, ал эми ушул токтомдун 1-пунктунун он үчүнчү-жыйырманчы абзацтары 2020-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы № 578 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду…Постановление · 11.09.2025 · № 578
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежеси (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Правила · 24.10.2012 · № 745 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 21.07.1997 · № 57
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы № 578 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду…Постановление · 11.09.2025 · № 578
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 745 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон…Постановление · 24.10.2012 · № 745 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон