# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-июнундагы № 300 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-июнундагы № 404 "Абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө жүргүзүүнү жана мамлекеттик билим берүү гранттарын конкурстук бөлүштүрүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-июнундагы № 300 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-июнундагы № 404 "Абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө жүргүзүүнү жана мамлекеттик билим берүү гранттарын конкурстук бөлүштүрүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 300
- Кабыл алынган күнү: 20.06.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/14286>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2917/edition/1179425/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/14286.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-июнундагы № 300 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-июнундагы № 404 "Абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө жүргүзүүнү жана мамлекеттик билим берүү гранттарын конкурстук бөлүштүрүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (30.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/14286

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 20-июну № 300 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-июнундагы № 404 "Абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө жүргүзүүнү жана мамлекеттик билим берүү гранттарын конкурстук бөлүштүрүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө, тандоо жана жогорку окуу жайларына кабыл алуу жол-жобосун өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-июнундагы № 404 "Абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө жүргүзүүнү жана мамлекеттик билим берүү гранттарын конкурстук бөлүштүрүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) аталган токтом менен бекитилген Абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө жөнүндө жободо:

- 26-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"26. Абитуриент ушул Жобонун 30-пунктунда каралган шарттардан башка учурда, ушул жылдын тестирлөөсүнө бир гана жолу катышууга укугу бар. Кандайдыр бир себептер менен тестирлөөгө катышпай калган абитуриенттер КТК тарабынан министрлик менен бирдикте аныкталган кошумча мөөнөттө тестирлөөдөн өтүүгө укугу бар.";

- төмөнкүдөй мазмундагы 27-1-пункт менен толукталсын:

"27-1. Ушул жылы тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча кыйла жогорку балл алган 50 абитуриентке КТК тарабынан артыкчылыктуу сертификат берилет. Артыкчылыктуу сертификат алгандар абитуренттердин негизги тесттин жыйынтыгы боюнча алган баллдарынын кемүү тартибинде түзүлгөн рейтингдик тизмесинин негизинде аныкталат. Артыкчылыктуу сертификат алууга бирдей балл алган бир нече абитуриент талапкер болгон учурда артыкчылыктуу сертификат алуучулардын саны 65 тен ашык эмес санга чейин көбөйтүлөт.";

2) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларында студенттерди окутуу үчүн мамлекеттик билим берүүчү гранттар жөнүндө жободо:

- 11-пунктунда:

үчүнчү абзацы "жалпы республикалык тестирлөөгө катышса" деген сөздөрдөн кийин "жана босоголук баллга барабар же андан жогору балл алышса" деген сөздөр менен толукталсын; төртүнчү абзацы "жалпы республикалык тестирлөөгө катышса" деген сөздөрдөн кийин "жана босоголук баллга барабар же андан жогору балл алышса" деген сөздөр менен толукталсын; бешинчи абзацы "жалпы республикалык тестирлөөгө катышса" деген сөздөрдөн кийин "жана босоголук баллга барабар же андан жогору балл алышса" деген сөздөр менен толукталсын; төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: "- ушул жылдын "XXI кылымдын интеллектуалдары" республикалык конкурсунун 1-орунду ээлеген жеңүүчүлөрү, 2 жана 3-орунду ээлеген байге ээлери болгон абитуриенттер жалпы республикалык тестирлөөгө катышып жана босоголук баллга барабар же андан жогору балл алышкан шартта, абитуренттин тандоосу боюнча конкурстун номинациясы туура келген техникалык профилдеги адистиктерге жана багыттарга.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М. Абылгазиев
