Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Астана шаарында 2018-жылдын 2-ноябрында кол коюлган КМШга катышкан мамлекеттердин чек ара аймактарында токой илдеттеринин жана зыянкечтеринин алдын алуу жана очокторун жок кылуу боюнча өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 13-июну № 292 Астана шаарында 2018-жылдын 2-ноябрында кол коюлган КМШга катышкан мамлекеттердин чек ара аймактарында токой илдеттеринин жана зыянкечтеринин алдын алуу жана очокторун жок кылуу боюнча өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 248 токтомунун редакциясына ылайык)
Астана шаарында 2018-жылдын 2-ноябрында кол коюлган КМШга катышкан мамлекеттердин чек ара аймактарында токой илдеттеринин жана зыянкечтеринин алдын алуу жана очокторун жок кылуу боюнча өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Астана шаарында 2018-жылдын 2-ноябрында кол коюлган КМШга катышкан мамлекеттердин чек ара аймактарында токой илдеттеринин жана зыянкечтеринин алдын алуу жана очокторун жок кылуу боюнча өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) бекитилсин.
2. Төмөнкү мамлекеттик органдар Макулдашууну ишке ашырууга ыйгарым укуктуу болуп аныкталсын:
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы - жооптуу ыйгарым укуктуу орган;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги - пестициддерди жана агрохимикаттарды коопсуз пайдаланууну, карантиндик эмес зыяндуу организмдер келтирүүчү айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларын азайтууну, ошондой эле дыйканчылыктын өндүрүмдүүлүгүн жана өсүмдүк продукциянын сапатын жогорулатууну камсыздоочу; Кыргыз Республикасынын аймагына карантиндик зыяндуу организмдердин кирип кетишин жана/же таркалышын болтурбоочу ыйгарым укуктуу орган;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция - ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздукту мамлекеттик көзөмөлдөөчү жана контролдоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы - биргелешкен илимий-изилдөө иштерин аткаруучу, токой зыянкечтерине жана ооруларына каршы күрөшүү боюнча өз ара илимий жардам көрсөтүүчү, окуу курстарын жана семинарларды уюштуруучу ыйгарым укуктуу орган.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 248 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн керектүү ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы тууралуу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине белгиленген тартипте билдирсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КМШга катышкан мамлекеттердин чек ара аймактарында токой илдеттеринин жана зыянкечтеринин алдын алуу жана очокторун жок кылуу боюнча өз ара аракеттенүү жөнүндө МАКУЛДАШУУ (Астана…Соглашение · 02.11.2018
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 248 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токой чарба…Постановление · 15.05.2024 · № 248
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.