Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «2019-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган, 2015-жылдын 31-июлундагы «Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 2-фаза» долбоорун каржылоо үчүн Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө № 4 макулдашуу боюнча № 1 Кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 17-июну № 294 "2019-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган, 2015-жылдын 31-июлундагы "Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 2-фаза" долбоорун каржылоо үчүн Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө № 4 макулдашуу боюнча № 1 Кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2019-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган, 2015-жылдын 31-июлундагы "Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 2-фаза" долбоорун каржылоо үчүн Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө № 4 макулдашуу боюнча № 1 Кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2019-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган, 2015-жылдын 31-июлундагы "Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 2-фаза" долбоорун каржылоо үчүн Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө № 4 макулдашуу боюнча № 1 Кошумча макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М.Абылгазиев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2019-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган, 2015-жылдын 31-июлундагы "Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 2-фаза" долбоорун каржылоо үчүн Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө № 4 макулдашуу боюнча № 1 Кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу 1-берене. 2019-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган, 2015-жылдын 31-июлундагы "Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 2-фаза" долбоорун каржылоо үчүн Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө № 4 макулдашуу боюнча № 1 Кошумча макулдашуу ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Евразия өнүктүрүү банкына аталган Кошумча макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын. 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-июнундагы № 294 токтому менен жактырылган
2019-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган, 2015-жылдын 31-июлундагы "Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 2-фаза" долбоорун каржылоо үчүн Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө № 4 макулдашуу боюнча № 1 Кошумча макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ 2019-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган, 2015-жылдын 31-июлундагы "Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 2-фаза" долбоорун каржылоо үчүн Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө 4 макулдашуу боюнча № 1 Кошумча макулдашуу жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кошумча макулдашуунун долбооруна кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери (Бюджет жана финансы боюнча комитети - 2019-жылдын 18-мартындагы чечими, Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети - 2019-жылдын 19-мартындагы чечими, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети - 2019-жылдын 19-мартындагы чечими) менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-мартында № 68-б буйругу менен жактырылган. 2015-жылдын 31-июлундагы Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы макулдашууга Токтогул ГЭСин реабилитациялоо боюнча иштерди жүргүзүүнүн алкагында жумуштардын көлөмүн өзгөртүү жана оптималдаштыруу боюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү максатында Кошумча макулдашууга кол коюлган. Атап айтканда, "Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 2-фаза" (Азия өнүктүрүү банкынын (мындан ары - АӨБ) жана Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун (мындан ары - Фонд) каражаттарынан каржыланган) жана "Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 3-фаза" (АӨБ каражаттарынан каржыланган жана буга чейин Фонд тарабынан каржылоого пландаштырылган) долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүндө Токтогул ГЭСинин төрт гидроагрегатын берүүчүлөрдү тандоо боюнча биргелешкен сатып алуу жол-жоболору өткөрүлгөн. Өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгында Фонд жана АӨБ каражаттары кыйла үнөмдөлгөн. Ошентип, жүргүзүлгөн эсептөөлөргө ылайык, "Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 2-фаза" долбоорун каржылоого каралган Фонддун каражаттары, "Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 3-фаза" долборунун алкагындагы Фонддун жумуштарынын көлөмүн камсыздай алат. Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен Токтогул ГЭСинин № 2 жана № 4 гидроагрегаттарын (2-фаза) реабилитациялоо үчүн башында каралган каражаттардын эсебинен Токтогул ГЭСинин калган № 1 жана № 3 гидроагрегаттарын (3-фаза) алмаштырууга мүмкүнчүлүк түзүлүүдө. Киргизилип жаткан өзгөртүүлөр жана толуктоолор долбоордун финансылык шарттарына жана көрсөткүчтөрүнө таасирин тийгизбегендигине байланыштуу, Кошумча макулдашууну ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетке кошумча түйшүк келтирбейт. Макулдашуудан чыгуучу иш-чараларды "Электр станциялар" ачык акционердик коому аткарат. Аталган Макулдашууну ратификациялоо терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- 2019-жылдын 26-июну № 3185-VI "2019-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган, 2015-жылдын 31-июлундагы "Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 2-фаза" долбоорун каржылоо үчүн…Постановление · 26.06.2019 · № 3185-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 26-июнундагы № 3186-VI "2019-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган, 2015-жылдын 31-июлундагы "Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 2-фаза"…Постановление · 26.06.2019 · № 3186-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 26-июнундагы № 3187-VI "2019-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган, 2015-жылдын 31-июлундагы "Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 2-фаза"…Постановление · 26.06.2019 · № 3187-VI
Шилтеме берет (5)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-мартындагы № 68-б "2015-жылдын 31-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган "Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 2-фаза" долбоорун каржылоо үчүн Кыргыз…Распоряжение · 26.03.2019 · № 68-р
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- 2019-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган, 2015-жылдын 31-июлундагы "Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 2-фаза" долбоорун каржылоо үчүн Кыргыз Республикасы менен Евразия…Закон · 18.07.2019 · № 86
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон