# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 275 "Манас" жана Чынгыз Айтматов улуттук академиясы" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 275 "Манас" жана Чынгыз Айтматов улуттук академиясы" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 275
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.05.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/14181>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2889/edition/1253422/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/14181.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 275 "Манас" жана Чынгыз Айтматов улуттук академиясы" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтому (16.05.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/14181

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 3-июну № 275 "Манас" жана Чынгыз Айтматов улуттук академиясы" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264, 2022-жылдын 30-мартындагы № 180, 2023-жылдын 16-майындагы № 262 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 31-январындагы № 18 "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Манас" эпосу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы" мамлекеттик мекемеси түзүлсүн.

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-майындагы № 262 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 239 "Мамлекеттик мекемелерде жана уюмдарда "улуттук" статусу же "академиялык" ардактуу наамы болгону үчүн алардын кызматкерлеринин кызматтык маянасына үстөк акылар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Улуттук" статусу же "академиялык" ардактуу наамы бар мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын: "31. "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы" мамлекеттик мекемеси".

4. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-майындагы № 262 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

6. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 180 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

7. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

8. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-майындагы № 262 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

9. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-майындагы № 262 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы менен биргеликте Бишкек шаары, Раззаков көч., 8/1 жана Раззаков көч., 8/2 дареги боюнча жайгашкан мамлекеттик имараттарды "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы" мамлекеттик мекемесине ыкчам башкаруусуна белгиленген тартипте өткөрүп берсин.

11. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-майындагы № 262 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

12. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М. Абылгазиев

2-тиркеме

"12-3-тиркеме

"Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү

№

Кызмат орундарынын аталаштары

Кызмат маяналардын өлчөмдөрү (сом менен)

1

Президент

20800

2

Вице-президент

15600

3

Бөлүм башчысы

10140

4

Башкы адис

9620

5

Жетектөөчү адис

9360

6

1-категориядагы адис

9100

".

3-тиркеме

"24-3-тиркеме

"Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы" мамлекеттик мекемесинин кенже жана техникалык тейлөө персоналынын кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү

№

Кызмат орундарынын аталыштары

Кызматтык маяналардын өлчөмдөрү (сом менен)

1

Чарба башчысы

6300

2

Кароолчу

3600

3

Жеңил автомобилдин айдоочусу

5100

4

Бөлмө тазалагыч

3600

5

Электрик

5100
