# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 263 "Кошумча нарк салыгын 80 пайызга төмөндөтүү менен төлөгөн ата мекендик айыл чарба сырьёсун иштетүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары жүргүзүүчү экономикалык иштин (акциздик топтогу товарларды өндүрүүдөн башка) түрлөрүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 263 "Кошумча нарк салыгын 80 пайызга төмөндөтүү менен төлөгөн ата мекендик айыл чарба сырьёсун иштетүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары жүргүзүүчү экономикалык иштин (акциздик топтогу товарларды өндүрүүдөн башка) түрлөрүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 263
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/14170>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2883/edition/1285865/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/14170.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 263 "Кошумча нарк салыгын 80 пайызга төмөндөтүү менен төлөгөн ата мекендик айыл чарба сырьёсун иштетүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары жүргүзүүчү экономикалык иштин (акциздик топтогу товарларды өндүрүүдөн башка) түрлөрүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому (28.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/14170

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 512 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 3-июну № 263 Кошумча нарк салыгын 80 пайызга төмөндөтүү менен төлөгөн ата мекендик айыл чарба сырьёсун иштетүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары жүргүзүүчү экономикалык иштин (акциздик топтогу товарларды өндүрүүдөн башка) түрлөрүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 276-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кошумча нарк салыгын 80 пайызга төмөндөтүү менен төлөгөн ата мекендик айыл чарба сырьёсун иштетүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары жүргүзүүчү экономикалык иштин (акциздик топтогу товарларды өндүрүүдөн башка) түрлөрүнүн тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-августундагы № 517 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 212-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктун жана 239-беренесинин 5-бөлүгүн ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-сентябрындагы № 222 "2009-жылдын 12-августундагы № 517 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 112-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктун жана 239-беренесинин 5-бөлүгүн ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы № 278 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-августундагы № 517 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 212-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктун жана 239-беренесинин 5-бөлүгүн ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-январындагы № 57 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-августундагы № 517 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 212-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктун жана 239-беренесинин 5-бөлүгүн ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 630 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-августундагы № 517 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 212-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктун жана 239-беренесинин 5-бөлүгүн ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-январындагы № 37 "Пайда салыгын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон айыл чарба продукцияларын өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүргүзүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 226 "Кошумча нарк салыгынан бошотулуучу ата мекендик айыл чарба чийки затын кайра иштетүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары (товарлардын акциздик топторун чыгаруудан тышкары) жүргүзгөн экономикалык иштин түрлөрүнүн тизмегин бекитүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-майындагы № 284 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 226 "6 жылдык мөөнөткө кошумча нарк салыгынан бошотулуучу ата мекендик айыл чарба чийки затын кайра иштетүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары (товарлардын акциздик топторун чыгаруудан тышкары) жүргүзгөн экономикалык иштин түрлөрүнүн тизмегин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-июнундагы № 346 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-январындагы № 37 "Үч жылдык мөөнөткө пайда салыгын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон айыл чарба продукцияларын өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүргүзүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 239 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-январындагы № 37 "Үч жылдык мөөнөткө пайда салыгын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон айыл чарба продукцияларын өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүргүзүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-апрелиндеги № 190 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1, 3 жана 4-пункттары;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-декабрындагы № 697 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 226 "Кошумча нарк салыгынан бошотулуучу ата мекендик айыл чарба чийки затын кайра иштетүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары (товарлардын акциздик топторун чыгаруудан тышкары) жүргүзгөн экономикалык иштин түрлөрүнүн тизмегин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 5-октябрындагы № 646 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-апрелиндеги № 216 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-январындагы № 37 "Пайда салыгын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон айыл чарба продукцияларын өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүргүзүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 2018-жылдын 24-сентябрынан тартып колдонулат.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М. Абылгазиев

Тиркеме

Кошумча нарк салыгын 80 пайызга төмөндөтүү менен төлөгөн ата мекендик айыл чарба сырьёсун иштетүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары жүргүзүүчү экономикалык иштин (акциздик топтогу товарларды өндүрүүдөн башка) түрлөрүнүн ТИЗМЕСИ

№

Код

Экономикалык иштин түрлөрүнүн аталыштары

1

10.13.1

Туздалган, тузга кармалган, кургатылган же ышталган эт, канаттуулардын эти жана тамак-аш субпродуктулары

2

10.13.9

Эттен, эттин субпродуктусунан же жаныбарлардын канынан жасалган колбаса жана башка азыктарды чыгаруу

3

10.31.0

Картошканы кайра иштетүү жана консервалоо

4

10.32.0

Жемиш жана жашылча ширелерин өндүрүү

5

10.39.0

Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүүнүн жана консервалоонун башка ыкмалары

6

10.41.1

Тазаланбаган (акталбаган) өсүмдүк жана тоң майларды, майларды өндүрүү

7

10.41.9

Тазаланган (акталган) өсүмдүк жана тоң майларды, майларды өндүрүү

8

10.42.0

Маргарин жана аралашма тамак-аш майларын өндүрүү

9

10.51.1

Суюк сүт жана камкаймак өндүрүү

10

10.51.9

Сырларды, башка сүт жана ачытылган сүт азыктарын өндүрүү

11

10.52.0

Балмуздак өндүрүү

12

10.61.2

Дан (күрүчтөн башкасы), жашылча өсүмдүктөрүнөн жана жаңгактардан ун жасоо

13

10.61.9

Эртең мененки тамактар үчүн акшак, гранул жана хлопья жана башка ушул сыяктуу продуктуларды чыгаруу

14

10.62.0

Крахмал жана крахмалдуу продуктуларды чыгаруу

15

10.81.0

Кант өндүрүү

16

10.84.0

Татымалдарды чыгаруу

17

10.86.0

Гомогендештирилген азыктарды (балдардын тамагын) жана диеталык азыктарды чыгаруу

18

10.89.2

Ачыткыларды чыгаруу

19

10.91.0

Фермаларда багылуучу жаныбарлар үчүн даяр тоюттарды чыгаруу

20

10.92.0

Үй жаныбарлары (үйдө багылуучу) үчүн тоюттарды чыгаруу

21

11.07.2

Улуттук суусундуктарды чыгаруу (максым, чалап, жарма, бозо)

22

13.10.1

Пахта буласын даярдоо жана ийрүү

23

13.10.2

Жүн буласын даярдоо жана ийрүү

24

13.20.1

Кебез кездемелерди чыгаруу

25

13.20.2

Жүн кездемелерди чыгаруу

26

13.20.3

Жибек кездемелерди чыгаруу

27

13.20.9

Башка кездемелерди чыгаруу

28

13.91.0

Машина же кол менен согулган трикотаж болотнай чыгаруу

29

13.93.0

Килемдерди жана килем буюмдарын чыгаруу

30

15.11.1

Мех терилерин (мехти) иштетүү жана боёо

31

15.11.9

Башка терилерин жана булгаарыларды ийлөө жана боёо; накта жана композициялык терилерди өндүрүү
