Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «2017-жылдын 30-ноябрында Минск шаарында кол коюлган 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге катышуучу мамлекеттердин ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыктын негизги принциптери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу төртүнчү протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 3-июну № 264 "2017-жылдын 30-ноябрында Минск шаарында кол коюлган 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге катышуучу мамлекеттердин ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыктын негизги принциптери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу төртүнчү протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде, аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2017-жылдын 30-ноябрында Минск шаарында кол коюлган 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге катышуучу мамлекеттердин ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыктын негизги принциптери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу төртүнчү протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2017-жылдын 30-ноябрында Минск шаарында кол коюлган 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге катышуучу мамлекеттердин ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыктын негизги принциптери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу төртүнчү протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети жогоруда аталган протоколдо каралган милдеттенмелерди аткарууга жооптуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М. Абылгазиев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 30-ноябрында Минск шаарында кол коюлган 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге катышуучу мамлекеттердин ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыктын негизги принциптери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу төртүнчү протоколду ратификациялоо жөнүндө 1-берене. 2017-жылдын 30-ноябрында Минск шаарында кол коюлган 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге катышуучу мамлекеттердин ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыктын негизги принциптери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу төртүнчү протокол ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун катчылыгына кабарласын. 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 264 токтому менен жактырылган
2017-жылдын 30-ноябрында Минск шаарында кол коюлган 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге катышуучу мамлекеттердин ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыктын негизги принциптери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу төртүнчү протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ 2017-жылдын 30-ноябрында Минск шаарында кол коюлган 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге катышуучу мамлекеттердин ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыктын негизги принциптери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө төртүнчү протокол Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет. Протоколдо аскердик багыттагы продукцияга бааларды өздөрүнүн муктаждыктары үчүн улуттук куралдуу күчтөр, башка аскерлер, аскердик түзүлүштөр, укук коргоо органдары жана атайын кызматтар сатып алуучу аскердик багыттагы продукциянын баасын жөнгө салган аскердик багыттагы продукцияларды берүүчү (иштерди жасоочу, кызматтарды көрсөтүүчү) Тараптын улуттук мыйзамдарына ылайык аныктоо каралат. Эгерде аскердик багыттагы продукциялар аскердик багыттагы продукцияны берүүчү Тараптын улуттук куралдуу күчтөрү, башка аскерлери, аскердик түзүмдөрү, укук коргоо органдары жана атайын кызматтары тарабынын өз муктаждыктарына сатылып алынбаса, анда алардын баалары улуттук куралдуу күчтөрдүн, башка аскерлердин, аскердик түзүлүштөрдүн, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын кызыкчылыгында продукцияны берүүдө аскердик багыттагы продукцияга бааны жөнгө салуучу аскердик багыттагы продукцияны берүүчү Тараптын улуттук мыйзамдарына ылайык аскердик-техникалык кызматташтыктын субъектилери тарабынан түзүлөт. Ушул Протоколдо Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттер чыгарган аскердик багыттагы продукцияларга баа коюу механизмин тактоо каралган. Аталган Протоколду ратификациялоо Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Ушул Протоколду ишке ашыруу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык жана финансы-экономикалык терс кесепеттерди алып келбейт. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бул Протокол долбоор түрүндөгү баскычта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде оң баада макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-ноябрындагы № 537-б буйругу менен жактырылган.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 16-январындагы № 3489-VI "2017-жылдын 30-ноябрында Минск шаарында кол коюлган 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге…Постановление · 16.01.2020 · № 3489-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 6-февралындагы № 3531-VI "2017-жылдын 30-ноябрында Минск шаарында кол коюлган 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге…Постановление · 06.02.2020 · № 3531-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 5-мартындагы № 3605-VI "2017-жылдын 30-ноябрында Минск шаарында кол коюлган 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге…Постановление · 05.03.2020 · № 3605-VI
Шилтеме берет (6)
- Договор о коллективной безопасности (Ратифицирован постановлением Жогорку Кенеша КР от 18 декабря 1992 года № 1113-XII)Договор · 15.05.1992
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- 2017-жылдын 30-ноябрында Минск шаарында кол коюлган 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге катышкан-мамлекеттердин ортосундагы Аскердик-техникалык…Закон · 09.04.2020 · № 37
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-ноябрындагы № 537-б (1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге катышуучу мамлекеттердин ортосундагы Аскердик-техникалык…Распоряжение · 24.11.2017 · № 537-р
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон