# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-майындагы № 257 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-майындагы № 257 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 257
- Кабыл алынган күнү: 31.05.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/14150>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2869/edition/1110053/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/14150.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-майындагы № 257 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/14150

---

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 31-майы № 257 Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинде:

- 6-пункту "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги," деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги," деген сөздөр менен толукталсын;

2) жогоруда аталган токтомдун 6-тиркемесинде:

- 5-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 314 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборду түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктунда жана 5-пунктунун экинчи абзацында "22" деген цифралар "18" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ушул токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдары бекитилген штаттык сандын жана 2019-жылга жана андан кийинки жылдарга каралган каражаттардын чегинде жумшала тургандыгы белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:

- түзүмүн жана штаттык расписаниесин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 7-июнундагы N 48 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Абылгазиев
