# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 237 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 767 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 237 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 767 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 237
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.05.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/14142>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2861/edition/950383/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/14142.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 237 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 767 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (30.05.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/14142

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 30-майы № 237 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 767 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Жоруктар жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштү ишке ашырууда бажы органдарынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууну камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 767 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө жободо:

- 6-пунктунун "в) пунктчасындагы" ар түрдүү жөндөмөдөгү "укук бузуулар" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү "бузуулар, жоруктар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 7-пункту төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:

"- жоруктар жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштүн функцияларын мыйзамдарга ылайык ишке ашырууга;".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Абылгазиев
