# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 236 "Социалдык тейлөөнүн стационардык мекемелериндеги ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 236 "Социалдык тейлөөнүн стационардык мекемелериндеги ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 236
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/14136>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2860/edition/995113/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/14136.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 236 "Социалдык тейлөөнүн стационардык мекемелериндеги ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү маселелери жөнүндө" токтому (30.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/14136

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 184 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 30-майы № 236 Социалдык тейлөөнүн стационардык мекемелериндеги ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү маселелери жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-январындагы № 11 токтомунун редакциясына ылайык)

Социалдык тейлөөнүн стационардык мекемелери ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн көрсөтүүчү социалдык кызматтарды өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 12 жана 14-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 170 "Калкты социалдык коргоо системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 29-32-пункттар менен толукталсын:

"

29

Эрготерапевт

Жогорку билим (педагогикалык, медициналык), адистиги боюнча иш стажы 1 жылдан кем эмес

30

Эрготерапевттин жардамчысы

Атайын орто билим (педагогикалык, медициналык), адистиги боюнча иш стажы 1 жылдан кем эмес

31

Реабилитолог

Жогорку медициналык билим, атайын орто медициналык билим, медициналык иш стажы 2 жылдан кем эмес

32

Техникалык көмөкчү каражаттар боюнча адис

Атайын орто билим (педагогикалык, медициналык, техникалык), адистиги боюнча иш стажы 1 жылдан кем эмес

";

- жогоруда аталган токтомдун 10-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 17-1 - 17-4-пункттар менен толукталсын:

"

17-1

Эрготерапевт

0,5

1

17-2

Реабилитолог

0,5

1

17-3

Эрготерапевттин жардамчысы

0,5

1

17-4

Техникалык көмөкчү каражаттар боюнча адис

0,5

1

".

2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги белгиленген тартипте:

- (абзац КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-январындагы № 11 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (абзац КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-январындагы № 11 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- жалпы республикалык иш классификаторуна "эрготерапевт", "эрготерапевттин жардамчысы", "реабилитолог", "техникалык көмөкчү каражаттар боюнча адис" кесиптерин киргизсин;

- ушул токтомдон келип чыккан башка чараларды көрсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-январындагы № 11 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Абылгазиев
