# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 246 "Пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун натыйжаларын эсептөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 246 "Пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун натыйжаларын эсептөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 246
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.05.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/14128>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2857/edition/950063/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/14128.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 246 "Пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун натыйжаларын эсептөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (30.05.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/14128

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 30-майы № 246 Пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун натыйжаларын эсептөө тартибин бекитүү жөнүндө Пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун натыйжаларын эсептөө тартибин белгилөө максатында, "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун натыйжаларын эсептөө тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Абылгазиев
