# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-апрелиндеги № 188 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-июлундагы № 357 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 345, 352 жана 355-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-апрелиндеги № 188 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-июлундагы № 357 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 345, 352 жана 355-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 188
- Кабыл алынган күнү: 22.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.04.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/14100>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2843/edition/949501/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/14100.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-апрелиндеги № 188 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-июлундагы № 357 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 345, 352 жана 355-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (22.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/14100

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 22-апрели № 188 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-июлундагы № 357 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 345, 352 жана 355-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 353-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-июлундагы № 357 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 345, 352 жана 355-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы онунчу жана он биринчи абзацтар менен толукталсын: «- иштин ыктыярдуу патент алууга тийиш болгон чөйрөсүндө эмгектенген жалданма кызматкерге электрондук патенттин формасы, 9-тиркемеге ылайык;

- иштин ыктыярдуу патент алууга тийиш болгон чөйрөсүндө эмгектенген жалданма кызматкерге кагаз жүзүндөгү ыктыярдуу патенттин формасы, 10-тиркемеге ылайык.»;

- ушул токтомдун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык редакцияда 9 жана 10-тиркемелер менен толукталсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Салык органдарына патентти кагаз жүзүндө же электрондук форматта берүүнүн тартибинде:

- 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:

«-товарларды импорттоонун ырасталган фактысы болсо, тигүү жана текстиль тармагынын субъекттеринен тышкары»;

- 11-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«- патенттин түрүн («Ыктыярдуу патент», «Милдеттүү патент», «Милдеттүү патент алууга тийиш болгон иш чөйрөсүндө эмгектенген жалданма кызматкерге патент», «Иштин ыктыярдуу патент алууга тийиш чөйрөсүндө эмгектенген жалданма кызматкерге патент»);»

- 21-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«21. Салык төлөөчүгө ишкердиктин ар бир түрүнө салык органы тарабынан өзүнчө патент берилет. Патентти электрондук форматта алууда салык төлөөчү патентти ишкердиктин ар бир түрүнө өзүнчө тариздеши керек. Ыктыярдуу патенттер катары менен келүүчү 15, 30, 90 же 180 күнгө берилиши мүмкүн. Милдеттүү патенттер катары менен келүүчү 30, 90 же 180 күнгө берилиши мүмкүн. Салык төлөөчүлөр жалданма кызматкерлердин айлык акысынан киреше салыгын эсептөөнүн жана төлөөнүн ордуна ар бир жалданма кызматкерге ыктыярдуу патентти сатып алууга укуктуу. Жалданма кызматкерге патент жумуш берүүчүдө жарактуу милдеттүү же ыктыярдуу патент болсо жана ушул патентте көрсөтүлгөн мөөнөткө гана берилет. Катары менен келүүчү каалаган сандагы календардык күнгө ыктыярдуу патенттер ушул Тартипте аныкталган тартипте берилет. Салыктын суммасы 90 күнгө патент сатып алууда 5 пайызга, 180 күнгө сатып алууда 10 пайызга төмөндөтүлөт. Салык төлөөчү бир соода түйүнүндө ыктыярдуу патенттин ставкалары боюнча ар кандай чоңдуктагы товарлардын түрлөрүн саткан учурда ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык товардын максималдуу ставкасы белгиленген бир түрүнө гана патенттин ставкасы боюнча ал сатып жаткан товарлардын бардык көрсөтүлгөн түрлөрүнө бир жолу алынат. Ошол эле учурда салык төлөөчүгө берилген патентте ал сатып жаткан товарлардын бардык белгиленген түрлөрү көрсөтүлөт.»;

- 24-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«24. Салык төлөөчү патентте көрсөтүлбөгөн ишти аткарса, ошондой эле тигүү жана текстиль тармагынын субъекттерин кошпогондо, товарларды импорттоонун ырасталган фактысы болсо, салык органы патентти жокко чыгарууга укуктуу. Салык төлөөчү ыктыярдуу патенттин негизинде кошумча нарк салыгы боюнча каттоо чегин жогору кылып койсо, ыктыярдуу патент жокко чыгарылат. Патентти жокко чыгарууда салык органы үч күндүк мөөнөттө бул тууралуу салык төлөөчүгө кабарлоого милдеттүү. ».

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев

1-тиркеме 9-тиркеме FORM STI Иштин ыктыярдуу патент алууга тийиш болгон чөйрөсүндө эмгектенген жалданма кызматкерге Электрондук патент Графикалык көчүрмөсүн караңыз.

2-тиркеме «

Алдыңкы бети 10-тиркеме

Иштин ыктыярдуу патент алууга тийиш болгон чөйрөсүндө эмгектенген жалданма кызматкерге кагаз жүзүндөгү ыктыярдуу патенттин ФОРМАСЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ (Кыргыз Республикасынын герби) ИШТИН ЫКТЫЯРДУУ ПАТЕНТ АЛУУГА ТИЙИШ БОЛГОН ЧӨЙРӨСҮНДӨ ЭМГЕКТЕНГЕН ЖАЛДАНМА КЫЗМАТКЕРГЕ ПАТЕНТ

Сериясы \_\_\_\_\_\_ №\_\_\_\_\_ Аты-жөнү\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ ИСН \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Паспорт: сериясы \_\_\_\_\_\_\_\_\_ № \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Берилди \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Берилген күнү\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Дареги (каттоосу боюнча) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Иштеген жери \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (толук дареги) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Жалданма кызматкер болуп эсептелет \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (жеке ишкердин аты-жөнү, патенттин номери жана берилген күнү)

Сүрөт үчүн орун

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (иштин түрү жана ИСН) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Патенттин жарактуулук мөөнөтү:

М. О.

20\_\_\_\_ -ж. \_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ тартып 20\_\_\_\_ -ж. \_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_чейин

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ (Кыргыз Республикасынын герби) ИШТИН ЫКТЫЯРДУУ ПАТЕНТ АЛУУГА ТИЙИШ БОЛГОН ЧӨЙРӨСҮНДӨ ЭМГЕКТЕНГЕН ЖАЛДАНМА КЫЗМАТКЕРГЕ ПАТЕНТТИН ДҮМҮРЧӨГҮ

Сериясы \_\_\_\_ №\_\_\_\_\_ Аты-жөнү\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ ИСН \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Паспорт: сериясы \_\_\_\_\_\_\_\_\_ № \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Берилди \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Берилген күнү \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Дареги (каттоосу боюнча) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Иштеген жери \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (толук дареги) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Жалданма кызматкер болуп эсептелет \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (жеке ишкердин аты-жөнү, патенттин номери жана берилген күнү )

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (иштин түрү жана ИСН) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Патенттин жарактуулук мөөнөтү:

М. О.

20\_\_\_\_ -ж. \_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ тартып 20\_\_\_\_ -ж. \_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_чейин

Арткы бети

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ (Кыргыз Республикасынын герби) ИШТИН ЫКТЫЯРДУУ ПАТЕНТ АЛУУГА ТИЙИШ БОЛГОН ЧӨЙРӨСҮНДӨ ЭМГЕКТЕНГЕН ЖАЛДАНМА КЫЗМАТКЕРГЕ ПАТЕНТТИН ДҮМҮРЧӨГҮ Сериясы \_\_\_\_\_ № \_\_\_\_

Төлөнгөн салыктын суммасы\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ сом \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (цифра менен)

Банктын квитанциясы № \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ күнү \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Төлөмдүк тапшырма № \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ күнү \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ МСКнын \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (салык органынын аталышы) боюнча башкармалыгы тарабынан берилди \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (патент берген салык органынын кызматкеринин аты-жөнү) (колу)

Кызматкердин ИСНи \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Патент берилген күн 20 \_\_\_\_\_-ж. \_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ (Кыргыз Республикасынын герби) ИШТИН ЫКТЫЯРДУУ ПАТЕНТ АЛУУГА ТИЙИШ БОЛГОН ЧӨЙРӨСҮНДӨ ЭМГЕКТЕНГЕН ЖАЛДАНМА КЫЗМАТКЕРГЕ ПАТЕНТ Сериясы \_\_\_\_ № \_\_\_\_

Төлөнгөн салыктын суммасы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ сом \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (цифра менен)

Банктын квитанциясы № \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ күнү \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Төлөмдүк тапшырма № \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ күнү \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ МСКнын \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (салык органынын аталышы) боюнча башкармалыгы тарабынан берилди \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (патент берген салык органынын кызматкеринин аты-жөнү) (колу)

Кызматкердин ИСНи \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Патент берилген күн 20 \_\_\_\_\_-ж. \_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

».
