# 328-4-статья. Инвестициялык жана мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор тарабынан анын мүлкүн эсепке алуу жана сактоо боюнча талаптарды бузуусу

- Документ: [О внесении дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности](https://aqlex.ai/kg/doc/1403)
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.03.2004
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1403/st-328-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1340/edition/284511/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2004 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: О внесении дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, 328-4-статья (09.03.2004 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1403/st-328-4

---

Инвестициялык жана мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун мүлкүн эсепке алуу жана сактоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактабоо, ага тете эле баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген мүлктү сактоону жана баалуу кагаздарга укукту эсепке алууну бузуу, - кызмат адамдарына эң аз айлык акынын жыйырмадан элүүгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эң аз айлык акынын эки жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза берилгенден кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, - кызмат адамдарына эң аз айлык акынын элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эң аз айлык акынын беш жүздөн миңге чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.". 2. Кодекс төмөндөгүдөй мазмундагы 335-1-статья менен толукталсын: "335-1-статья. Маалыматтарды ачуу тартибин бузуу Эмитенттин, баалуу кагаздардын кесиптик катышуучусунун баалуу кагаздар рыногундагы маалыматтарды ачуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды сактабоосу, - баалуу кагаздар эмитентинин кызмат адамдарына - эң аз айлык акынын ондон отузга чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактар - баалуу кагаздар эмитенттерине - эң аз айлык акынын жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө; баалуу кагаздар рыногунун кесиптик катышуучуларынын кызмат адамдарына - эң аз айлык акынын ондон элүүгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактар - баалуу кагаздар рыногунун кесиптик катышуучуларына - эң аз айлык акынын жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза берилгенден кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, - баалуу кагаздар эмитентинин кызмат адамдарына - эң аз айлык акынын отуздан жүзгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактар - баалуу кагаздар эмитенттерине - эң аз айлык акынын беш жүздөн миңге чейинки өлчөмүндө; баалуу кагаздар рыногунун кесиптик катышуучуларынын кызмат адамдарына - эң аз айлык акынын элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактар - баалуу кагаздар рыногунун кесиптик катышуучуларына - эң аз айлык акынын беш жүздөн миңге чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".

---

Мурунку берене: [328-3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1403/st-328-3)  
Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1403/st-2)
