# 1-статья

- Документ: [О внесении дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности](https://aqlex.ai/kg/doc/1403)
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.03.2004
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1403/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1340/edition/284511/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1403/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2004 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: О внесении дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, 1-статья (09.03.2004 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1403/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., N 2, 77-ст.) төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. Кодекс төмөндөгүдөй мазмундагы 328-1, 328-2, 328-3, 328-4-статьялар менен толукталсын:

"328-1-статья. Инвестициялык жана мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун башкаруучу компаниясынын өз милдеттерин аткарбоосу Инвестициялык жана мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун башкаруучу компаниясынын кызмат адамынын Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдары, пайдык инвестициялык фонддун эрежелери менен белгиленген милдеттерди аткарбоосу же сактабоосу, - кызмат адамдарына эң аз айлык акынын жыйырмадан элүүгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза берилгенден кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, - кызмат адамдарына эң аз айлык акынын элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

---

Кийинки берене: [328-2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1403/st-328-2)
