Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бел-Алды айылдык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу менен кызматташууну жакшыртуу тууралуу» токтому
БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Бел-Алды айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXX сессиясы 2021-жылдын 30-марты № 5 Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу менен кызматташууну жакшыртуу тууралуу Бел-Алды айылдык кеңешинин экономика бөлүмүн кароо боюнча туруктуу комиссиясынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу ( мындан ары- КР ЖӨБ Союзу) менен кызматташтыкты күчөтүү жана анын тийиштүү мүчөлүк акыларын убагында төлөө тууралуу билдирүусүн угуп жана талкуулап, Бел-Алды айылдык Кеңеши Кыргыз республикасынын Президентинин 1996-жылдын 24- октябрындагы № 309 Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынан “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 13- беренесине ылайык КР ЖӨБ Союзунун мүчөсү болуп эсептелгендиктен, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел-Алды айылдык Кеңеши жана Бел-Алды айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында , КР ЖӨБ Союзунун Уставында белгиленген тартипте кызматташууну күчөтүү жана мындан ары өркүндөтүү боюнча иш аракеттерди жүргүзсүн.
2. Бел-Алды айыл өкмөтүнө КР ЖӨБ Союзу менен тараптардын ар биринин милдеттерин камтыган келишимди иштеп чыгып , кол коюу жагы тапшырылсын.
3. Бел-Алды айыл өкмөтунө жогорудагы ченемдик укуктук актылардын негизинде КР ЖӨБ союзуна мүчө болгондуктан анын Уставынын 3.7.пунктуна ылайык ар бир жылдын биринчи кварталында айыл аймактын калкынын санынын өсүшүнө жараша ар бир жашоочуга 1 сомдон, жалпы _________сом мүчөлүк акы жергиликтүү бюджеттин эсебинен КР ЖӨБ Союзунун эсептик счетуна которуп берүүгө уруксат берилсин.
4. Бул токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайытына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бел-алды айылдык Кенешинин экономика бөлүмүнө кароо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Бек-Алды айылдык кеңешинин тѳрагасы
Ж. Боромбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Указ Президента КР от 24 октября 1996 года N УП-309 "О мерах по дальнейшему совершенствованию местного самоуправления в Кыргызской Республике"Указ · 24.10.1996 · № 309 · Күчүн жоготкон