Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кара-Балта шаардык кеңешинин «Кара-Балта шаарынын вице-мэрине талапкер Т.Н. Айткулуевди дайындоого макулдук берүүдөн баш тартуу жөнүндө» тескемеси
КАРА-БАЛТИНСКИЙ ГОРОДСКОЙ КЕНЕШ ТЕСКЕМЕ от 18 октябры 2021 года № 01 Кара-Балта шаарынын вице-мэрине талапкер Т.Н. Айткулуевди дайындоого макулдук берүүдөн баш тартуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу жөнүндө 31 беренесине, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2017-жылдын 1- июнундагы № 329 Токтому менен бекитилген Муниципалдык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына өзгөчө тартипте (конкурстан тышкары) кирүүнүн типтүү эрежелери жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамынын 24-беренесине ылайык, Кара-Балта шаардык кенешинин сессиясы БУЮРМА КЫЛАТ:
1. Уюшуруу укук маселелерди, коомдук уюмдардын иштери, депутаттардын этикасы боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы Сарсембаев Г.А вице-мэр Айткулуев Т.Н дайындалышына макулдук берүү жөнүндө маалымат эске алынсын.
2. Кара-Балта шаарынын вице-мэрине талапкер Т.Н. Айткулуевдин дайындалышына макулдук берилбесин.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысы, Кара-Балта шаарынын мэри Д.Б Шакирбаевге вице мэр ордун ээлеген Т.Н.Айткулуев муниципалдык кызматтын айрым административдик кызматтарына атайын (конкурстан тышкары) тартипте кабыл алуу эрежелеринин бузулушуна байланыштуу милдеттерин аткаруудан четтетилсин.
4. Кара-Балта шаарынын мэри Д.Б Шакирбаев ыктыярдуу түрдө бир айлык мөөнөттө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына келтирилген зыянды өз эсебинен калыбына келтирүүнү, тактап айтканда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысы тарабынан Т.Н.Айткулуевден эмгек акысы, кошумча төлөмдөрү жана акчалай сыйлыктары калыбына келтирүүсү сунушталсын.
5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кара-Балта шаарынын вице-мэрине талапкер 1984-жылдын 15-мартында туулган Ажыматов Азамат Темиркатовичти дайындоого макулдук берилсин.
6. Бул тескемени Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй Бишкек шаардык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7. Бул тескеменин аткарылыш көзөмөлү уюштуруу –укуктук маселелер, коомдук уюмдардын иштери, депутаттардын этикасы боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри
Д.Б Шакирбаевге жүктөлсүн.
Таркатылсын: көктөмөгө, Кара-Балта шаарынын мэриясына ,Чүй Бишкек юстиция башкармалыгына.
Кеңештин төрагасы
А. Байсариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-июнундагы № 329 "Муниципалдык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына өзгөчө тартипте (конкурстан тышкары) кирүүнүн типтүү эрежелерин…Постановление · 01.06.2017 · № 329 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 30.05.2016 · № 75 · Күчүн жоготкон