Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кара-Балта шаардык кеңешинин «Жүргүнчүлөрдү ташуу тарифин бекитүү жөнүндө» токтому
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ от 18 октябры 2021 года № 03 Жүргүнчүлөрдү ташуу тарифин бекитүү жөнүндө «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18, 28, 31, 36 - беренелерине, “Автомобиль транспорту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11 – берененин 2 – пунктуна ылайык, жүргүнчүлөрдү ташуунун туруктуу иштөөсүн камсыз кылуу максатында, Кара-Балта шаарынын тургундарын жана конокторун үзгүлтүксүз ташуу, шаардык каттамдарда, экспресс маршруттарда ташуу тарифтерин жөнгө салуу, ошондой эле жарандардын айрым категорияларына шаардык жүргүнчүлөрдү ташуучу транспортто жеңилдетилген жол жүрүүнү камсыз кылуу максатында, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 2021-жылдын 1-ноябрынан тартып, № 2, № 3, № 4, № 5, № 6, № 7, № 8, № 9 шаар ичиндеги каттамынын, «Кара-Балта шаары - Дордой базары», «Кара-Балта шаары - Бишкек шаары» экспресс каттамынын кичи автобустары менен жүргүнчүлөрдү ташуу тарифи, № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин. “Шаар ичиндеги, “Кара-Балта-Бишкек” жана “Кара-Балта шаары-Дордой базары” каттамдарында жүргүнчүлөрдү ташуу тарифин жогорулатуу жөнүндө” 2014-жылдын 04 – сентябрындагы № 4 Кара-Балта шаардык кеңешинин токтому күчүн жоготсун. Бул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялансын. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилип жана катталыш үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн. Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлүн бюджет, муниципалдык менчик, экономика, финансы жана инвестициялар боюнча; өнөр жай, курулуш, транспорт жана чакан жана орто бизнестин кызматтары, ишкердик жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссияларына, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри Д.Б. Шакирбаевге жүктөлсүн. Таркатылсын: көктөмөгө, ТДКга, Кара – Балта ш. мэриясынына, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, ММКга.
Кеңештин төрагасы
А. Байсариев
2021 – ж. “___” ___________ КБШК Токтомуна № 1 Тиркеме Коомдук шаардык жүргүнчүлөр (кичи автобустар) транспортунда жүргүнчүлөрдү жана багажды ташуу үчүн 2021-ж. "01" ноябрындагы Кара-Балта шаарынын ТАРИФИ Шаар ичиндеги № 2, № 3, № 4, № 5, № 6, № 7, № 8, № 9 каттамдарда бир жүргүнчүнүн жол киреси кичи автобуста 6.00дөн 19.00гө чейин 13,00 сом; кичи автобуста 19.00дөн 19.30га чейин 15,00 сом; кичи автобуста экспресс каттамында: Кара - Балта шаары - "Дордой" базары 85,00 сом; Кара - Балта шаары - Бишкек шаары 75,00 сом; Шаар ичиндеги маршруттарда кичи автобус менен кол жүгүн (багаждын) ташуу салмагы
- 40 кг жогору же көлөмү 50 x 60 x 100 см 5,00 сом;
3. Жеңилдетилген жол акысына укугу бар 7,00 сом.
коомдук транспортто Кара-Балта шаарынын жарандарынын төмөнкү категорияларына:
- пенсионерлерге;
- I, II, III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар;
- бала чагынан майып адамдар;
- балдар, өспүрүмдөр (мектеп окуучулары).
Коомдук жүргүнчүлөрдү ташуучу транспортто арзандатылган төлөмгө негиз болуп жеңилдетилген жол акысына укугу бар жарандардын категорияларына таандыктыгын ырастоочу, персоналдаштырылган картасы жана документтери эсептелет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- Автомобиль транспорту жөнүндөЗакон · 19.07.2013 · № 154
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон