# 9-берене. Жол-жоболордун мөөнөттөрү

- Документ: [Администрациялык жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1401)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 1-мартындагы № 16 "Администрациялык жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 01.03.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2015 года № 210 "Об основах административной деятельности и административных процедурах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1338/edition/769497/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1401/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жол-жоболор жөнүндө, 9-берене (31.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-9

---

1. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелердин катышуучуларынын аракеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдө жасалат.

Мындай мөөнөттөр белгиленбеген учурларда алар администрациялык ишти караган администрациялык орган тарабынан дайындалат.

2. Мөөнөттөр (жол-жоболор мөөнөттөрү) так календардык дата, бул мезгилдин ичинде сөзсүз боло турган окуяны же иш жасалышы мүмкүн болгон мезгилди көрсөтүү менен аныкталат.

3. Жылдап, айлап же күндөп эсептелүүчү жол-жоболордун мөөнөтүнүн өтүшү календардык датадан кийинки же башталышы деп аныкталган окуя болгон күндөн кийинки күндөн тартып башталат.

4. Жылдап эсептелүүчү мөөнөт белгиленген мөөнөттүн акыркы жылынын тиешелүү айында жана күнүндө бүтөт.

Эгерде айлап эсептелүүчү жол-жоболордун мөөнөтүнүн бүтүшү айдын тиешелүү күнүнө туура келбесе, анда мөөнөт ушул айдын акыркы күнүндө бүтөт. Мөөнөттүн акыркы күнү жумуш эмес күнгө туура келген учурда, мөөнөт бүтүүчү күнү андан кийинки жумуш күнү деп эсептелинет.

5. Тиешелүү аракет мөөнөттүн акыркы күнүнүн жыйырма төрт саатына чейин аткарылышы мүмкүн. Эгерде зарыл болгон документтер жол-жоболордун мөөнөтүнүн акыркы күнүнүн жыйырма төрт саатына чейин тапшырылган болсо, анда мөөнөт өткөрүлүп жиберилген деп эсептелбейт.

6. Администрациялык ишти кароонун токтото турушу менен бардык аяктала элек жол-жоболордун мөөнөттөрүнүн өтүшү токтото турулат. Администрациялык ишти кароо кайтадан башталган күндөн тартып мөөнөттөрдүн өтүшү улантылат.

7. Администрациялык орган таламдаш жактын арызы боюнча жол-жоболордун мөөнөтүнүн өткөрүп жиберилгенин жүйөлүү деп таап, өткөрүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирет. Мөөнөттү калыбына келтирүү же андан баш тартуу жөнүндө администрациялык иш боюнча чечимде көрсөтүлөт.

II Глава. Администрациялык органдардын ишин уюштуруу жол-жоболору

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-10)
