9-берене. Жол-жоболордун мөөнөттөрү
Күчүн жоготкон · 31.07.2015 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 июля 2015 года № 210.
1. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелердин катышуучуларынын аракеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдө жасалат.
Мындай мөөнөттөр белгиленбеген учурларда алар администрациялык ишти караган администрациялык орган тарабынан дайындалат.
2. Мөөнөттөр (жол-жоболор мөөнөттөрү) так календардык дата, бул мезгилдин ичинде сөзсүз боло турган окуяны же иш жасалышы мүмкүн болгон мезгилди көрсөтүү менен аныкталат.
3. Жылдап, айлап же күндөп эсептелүүчү жол-жоболордун мөөнөтүнүн өтүшү календардык датадан кийинки же башталышы деп аныкталган окуя болгон күндөн кийинки күндөн тартып башталат.
4. Жылдап эсептелүүчү мөөнөт белгиленген мөөнөттүн акыркы жылынын тиешелүү айында жана күнүндө бүтөт.
Эгерде айлап эсептелүүчү жол-жоболордун мөөнөтүнүн бүтүшү айдын тиешелүү күнүнө туура келбесе, анда мөөнөт ушул айдын акыркы күнүндө бүтөт. Мөөнөттүн акыркы күнү жумуш эмес күнгө туура келген учурда, мөөнөт бүтүүчү күнү андан кийинки жумуш күнү деп эсептелинет.
5. Тиешелүү аракет мөөнөттүн акыркы күнүнүн жыйырма төрт саатына чейин аткарылышы мүмкүн. Эгерде зарыл болгон документтер жол-жоболордун мөөнөтүнүн акыркы күнүнүн жыйырма төрт саатына чейин тапшырылган болсо, анда мөөнөт өткөрүлүп жиберилген деп эсептелбейт.
6. Администрациялык ишти кароонун токтото турушу менен бардык аяктала элек жол-жоболордун мөөнөттөрүнүн өтүшү токтото турулат. Администрациялык ишти кароо кайтадан башталган күндөн тартып мөөнөттөрдүн өтүшү улантылат.
7. Администрациялык орган таламдаш жактын арызы боюнча жол-жоболордун мөөнөтүнүн өткөрүп жиберилгенин жүйөлүү деп таап, өткөрүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирет. Мөөнөттү калыбына келтирүү же андан баш тартуу жөнүндө администрациялык иш боюнча чечимде көрсөтүлөт.
II Глава. Администрациялык органдардын ишин уюштуруу жол-жоболору
Берененин тексти 31.07.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1401/st-9" title="9-берене - Администрациялык жол-жоболор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>