# 8-берене. Өкүлчүлүккө карата укук

- Документ: [Администрациялык жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1401)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 1-мартындагы № 16 "Администрациялык жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 01.03.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2015 года № 210 "Об основах административной деятельности и административных процедурах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1338/edition/769497/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1401/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жол-жоболор жөнүндө, 8-берене (31.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-8

---

1. Таламдаш жак жеке өзү же мыйзамдуу, же ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелерге катышууга укуктуу.

2. Таламдаш жактын жеке өзүнүн катышуусу анын өкүлүнүн болуу укугунан ажыратпайт, ошондой эле өкүлүнүн катышуусу таламдаш жактын аталган мамилелерге жеке өзүнүн катышуу укугунан ажыратпайт.

3. Мыйзамдын же аталган уюмдун уюмдаштыруучу документтеринин негизинде өкүл болууга ыйгарым укуктуу адамдар юридикалык жактын мыйзамдуу өкүлдөрү деп табылат.

4. Жарандык мыйзамдарга ылайык жарандын атынан чыккан жак анын мыйзамдуу өкүлү деп табылат.

5. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелерде администрациялык орган (кызмат адамы), дагы башка катышуучулар менен болгон мамилелерде таламдаш жак берген ыйгарым укуктардын негизинде анын кызыкчылыктарын коргогон жеке же юридикалык жак таламдаш жактын ыйгарым укуктуу өкүлү деп табылат.

Мамлекеттик же муниципалдык кызматтарды ээлегендер, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар ыйгарым укуктуу өкүл боло алышпайт.

6. Юридикалык жактын ыйгарым укуктуу өкүлү жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте берилүүчү ишеним каттын негизинде өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат.

Жарандын ыйгарым укуктуу өкүлү нотариалдык жактан ырасталган ишеним каттын негизинде өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат.

7. Таламдаш жактардын тобу өз бетинче же администрациялык органдын өтүнүчү боюнча ушул топтун атынан администрациялык органга карата мамилелерди жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу болушкан өзүнүн жалпы өкүлү катары бир же бир нече ишеним көрсөтүлгөн жактарды аныктоого укуктуу.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-9)
