# 57-берене. Документтин көчүрмөсүн жана жаңы документ берүү

- Документ: [Администрациялык жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1401)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 1-мартындагы № 16 "Администрациялык жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 01.03.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2015 года № 210 "Об основах административной деятельности и административных процедурах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-57>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1338/edition/769497/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1401/st-57.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жол-жоболор жөнүндө, 57-берене (31.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-57

---

1. Мурда берилген документтин ордуна көчүрмөсүн же жаңы документ берүү ченемдик укуктук актыларда каралган учурларда жана тартипте жүргүзүлөт.

2. Документ жоголгондо, жараксыз болуп калганда, же аны пайдалануу мүмкүн болбогон дагы башка учурларда таламдаш жак документтин көчүрмөсүн же жаңы документ берүүнү сурап, арыз менен кайрылууга укуктуу. Документтин көчүрмөсүн берүү тууралу арыз документтин пайдалануу мөөнөтү бүтө электе берилиши мүмкүн.

Көчүрмөнү же жаңы документти алуу үчүн таламдаш жак тиешелүү квалификациялык экзаменди кайрадан берүүгө жана ошол документти биринчи алган учурда каралган дагы башка иш-аракетти жасоого, кайсы бир маалымат каттарды берүүгө милдеттүү эмес. Мурда берилгендин ордуна көчүрмө же жаңы документти берүү арыз ээсине кабарлама берүү менен мурда каралган администрациялык иштин материалдары боюнча он күндүк мөөнөт ичинде ыйгарым укуктуу администрациялык орган тарабынан жүргүзүлөт.

3. Көчүрмө же жаңы документти берүүгө акы төлөө мыйзамдарда каралган учурларда, өлчөмдө жана тартипте жүргүзүлөт.

Мурда администрациялык органдын чечими боюнча берилген документтерди алмаштырган учурларда жаңы документтерди берүүгө байланышкан чыгымдар таламдаш жактарга жүктөлүшү мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [56-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-56)  
Кийинки берене: [58-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-58)
