# 49-берене. Администрациялык иш боюнча чечимди жокко чыгарууга же өзгөртүүгө негиздер

- Документ: [Администрациялык жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1401)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 1-мартындагы № 16 "Администрациялык жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 01.03.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2015 года № 210 "Об основах административной деятельности и административных процедурах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-49>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1338/edition/769497/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1401/st-49.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жол-жоболор жөнүндө, 49-берене (31.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-49

---

1. Администрациялык иш боюнча чечимди жокко чыгарууга же өзгөртүүгө төмөндөгүлөр негиз болуп саналат:

а) администрациялык иш үчүн маанилүү болгон жагдайлардын толук ачылбашы;

б) төмөн турган администрациялык орган далилденди деп эсептеген иш үчүн маанилүү жагдайлардын далилденбегендиги;

в) администрациялык иш боюнча чечимде баяндалган тыянактардын иштин жагдайларына дал келбегендиги;

г) администрациялык жол-жоболор жөнүндөгү мыйзамдарда жана дагы башка мыйзам актыларда каралган материалдык же жол-жобо укуктарынын бузулушу же туура эмес колдонулушу.

2. Жол-жобо укугунун тартип бузууларынын ченемдери таанылат, эгерде:

а) администрациялык иш мындай ишти кароого ыйгарым укугу болбогон коллегиалдуу орган (кызмат адамы) тарабынан каралса;

б) администрациялык ишти караган коллегиалдуу органдын мүчөсү (кызмат адамы) ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык чыгарып салууга;

в) администрациялык иш качан жана кайсы жерде каралары тууралу тиешелүү кабар берилбегендиктен, келбей калган таламдаш жак жокто каралганда жана чечим бул адамдын пайдасы үчүн кабыл алынбаганда;

г) администрациялык ишти даярдаганда жана караганда жыйналышты ачык-айкын жана элдин катышуусу менен өткөрүүнү камсыз кылуучу ушул мыйзамда каралган талаптар аткарылбаса;

д) администрациялык иш ушул Мыйзамда каралган шарттарды бузуу менен жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жобо боюнча каралса;

е) администрациялык иш боюнча чечимге коллегиалдуу органдын мүчөлөрүнүн бири да (кызмат адамы) кол койбосо же ага чечимде көрсөтүлбөгөн жактар тарабынан кол коюлса;

ж) чечим ушул администрациялык ишти караган коллегиалдуу орган (кызмат адамы) тарабынан эмес, башкасы тарабынан кабыл алынса;

з) жыйналыштын протоколу жок болсо же ага жыйналышка катышкандар тарабынан кол коюлбаса.

---

Мурунку берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-48)  
Кийинки берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-50)
