# 46-берене. Администрациялык даттанууну кароонун тартиби жана чектери

- Документ: [Администрациялык жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1401)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 1-мартындагы № 16 "Администрациялык жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 01.03.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2015 года № 210 "Об основах административной деятельности и административных процедурах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-46>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1338/edition/769497/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1401/st-46.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жол-жоболор жөнүндө, 46-берене (31.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-46

---

1. Администрациялык даттануу ушул главада каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен администрациялык ишти кароо эрежелери боюнча каралат.

Жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жоболор боюнча каралган иштер боюнча админиистрациялык даттануулар арыз ээсинин макулдугу менен ушундай эле жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жобо боюнча каралат.

2. Даттанууну жана администрациялык ишти туура чечүүгө мааниси бар кошумча далилдер таламдаш жактын өтүнмөсү боюнча жогору турган администрациялык орган тарабынан кабыл алынат.

3. Жогору турган администрациялык органдын администрациялык даттанууда келтирилген жүйөлөр менен байланышы жок жана чыгарылган чечимдин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгун толук көлөмдө текшерет.

4. Администрациялык даттанууну караганда төмөн турган администрациялык орган администрациялык ишти караган кезде таламдаш жак тарабынан коюлбаган жаңы талаптар кабыл алынышы жана каралышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-45)  
Кийинки берене: [47-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-47)
