# 45-берене. Администрациялык даттануунун мазмуну жана аны берүүнүн мөөнөтү

- Документ: [Администрациялык жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1401)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 1-мартындагы № 16 "Администрациялык жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 01.03.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2015 года № 210 "Об основах административной деятельности и административных процедурах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-45>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1338/edition/769497/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1401/st-45.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жол-жоболор жөнүндө, 45-берене (31.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-45

---

1. Администрациялык даттануу администрациялык иш боюнча даттанылып жаткан чечим кабыл алынгандан кийин үч ай ичинде берилет.

Жүйөлүү себептер боюнча арыз берүүнүн мөөнөтү өтүп кеткен учурда бул мөөнөт даттануу берген адамдын өтүнмөсү боюнча тиешелүү түрдө жогору турган администрациялык орган тарабынан калыбына келтирилши мүмкүн.

2. Администрациялык даттанууда төмөндөгүлөр көрсөтүлүүгө тийиш;

а) даттануу даректелген администрациялык органдын аталышы;

б) даттануу берген жактын, дагы башка таламдаш жактардын аталышы;

в) администрациялык даттануу берилип жаткан чечимди кабыл алган коллегиалдуу органдын аталышы (кызмат адамынын фамилиясы, аты, атасынын аты жана чечим кабыл алынган күн, администрациялык ишти кароо тууралу арыздын жүйөсү);

г) даттануу берген жактын талаптары жана арыз ээси администрациялык иш боюнча чечим туура эмес болгон деп эсептеген негиздер;

д) администрациялык даттанууга тиркелген документтердин тизмеги.

3. Администрациялык даттанууга даттануу берген жак же анын ыйгарым укуктуу өкүлү кол коет.

Өкүлү тарабынан кол коюлган администрациялык даттанууга, чечимдерге даттанууга ыйгарым укугун тастыктаган ишеним кат тиркелет, эгерде ал ушул боюнча мурда берилбеген болсо.

4. Администрациялык даттанууга жыйым же дагы башка төлөмдүн төлөнгөн далилдери да тиркелет, эгерде аларды төлөө мыйзам тарабынан каралган болсо.

5. Ушул беренеде көрсөтүлгөн талаптарды сактабоо администрациялык даттанууну берген жакка аны кайтарып беришине алып келет.

6. Ушул берененин 5-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлар четтетилгенден кийин администрациялык даттануу жалпы тартипте кайрадан берилиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-44)  
Кийинки берене: [46-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-46)
