# 44-берене. Администрациялык иштер боюнча чечимдерге даттануунун тартиби

- Документ: [Администрациялык жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1401)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 1-мартындагы № 16 "Администрациялык жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 01.03.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2015 года № 210 "Об основах административной деятельности и административных процедурах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-44>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1338/edition/769497/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1401/st-44.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жол-жоболор жөнүндө, 44-берене (31.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-44

---

1. Администрациялык иштер боюнча чечимдерге таламдаш жактар администрациялык (администрациялык даттануу) же сот тартибинде даттана алышат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу бийлик органдарынын администрациялык иштер боюнча чечимдерине сот тартибинде гана даттанылат.

2. Администрациялык даттануулар администрациялык органга карата жогору турган, чечимди кабыл алган администрациялык органга жиберилет.

Айкын даттануунун же иштин өзгөчөлүгүнүн жагдайларын эске алуу менен, жогору турган администрациялык орган ишти кароого башка кызмат адамына ыйгарым укук берүүгө же ушул Мыйзамдын талаптарын эске алуу менен башка коллегиалдуу органдын курамын дайындоого укуктуу. Администрациялык даттанууну берүү бир эле учурда же андан кийин дал ушундай даттанууну (доо арызын) сотко берүү укугун жокко чыгарбайт.

3. Таламдаш жактардын чечимдерине сотко даттануу процесстик мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-43)  
Кийинки берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-45)
