# 43-берене. Администрациялык иштер боюнча чечимдерге даттануу укугу

- Документ: [Администрациялык жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1401)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 1-мартындагы № 16 "Администрациялык жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 01.03.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2015 года № 210 "Об основах административной деятельности и административных процедурах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-43>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1338/edition/769497/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1401/st-43.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жол-жоболор жөнүндө, 43-берене (31.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-43

---

1. Таламдаш жактар администрациялык иштер боюнча чыгарылган чечимге ушул Мыйзам жана администрациялык жол-жоболорду регламенттөөчү мыйзамдар менен белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.

Таламдаш жактар ошондой эле өз укуктары менен кызыкчылыктарын козгогон администрациялык органдардын айрым иш-аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууга да укуктуу.

2. Компетенттүү администрациялык орган тарабынан чыгарылган таламдаш жактардын укуктарын токтото туруу, токтотуу тууралу чечимине администрациялык ишти кароо демилгесин көтөргөн контролдоочу органдар да даттанышы мүмкүн.

3. Таламдаш жактын даттануусу жок болгондо жогору турган администрациялык орган таламдаш жактарга ыйгарым укуктарды берүүдөн, ырасттоодон, каттоодон баш тартуу же аны токтото туруу (токтотуу) тууралу администрациялык иштер боюнча чыгарылган чечимди өз демилгеси боюнча кайра карай алат.

Таламдаш жактарга ыйгарым укуктарды берүү, ырастоо, каттоо же аларды токтото туруу (токтотуу) тууралу арызды канааттандыруудан баш тартуу жөнүндөгү администрациялык иштер боюнча чыгарылган чечимдер жогору турган администрациялык органдын демилгеси боюнча сот тартибинде гана кайрадан каралышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-42)  
Кийинки берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-44)
