# 42-берене. Чечимди жарыялоо жана аны таламдаш жактарга жөнөтүү

- Документ: [Администрациялык жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1401)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 1-мартындагы № 16 "Администрациялык жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 01.03.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2015 года № 210 "Об основах административной деятельности и административных процедурах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-42>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1338/edition/769497/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1401/st-42.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жол-жоболор жөнүндө, 42-берене (31.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-42

---

1. Администрациялык иш боюнча чечим коллегиалдуу органдын төрагасы (кызмат адамы) тарабынан жарыя кылынат жана зарылчылык болсо чечимге даттануунун тартиби түшүндүрүлөт.

2. Чечимдин көчүрмөлөрү таламдаш жактарга жиберилет же чечим кабыл алынган күндөн тартып үч күндөн кечиктирилбестен тилкат менен аларга тапшырылат.

3. Администрациялык иш боюнча чечим ушул Мыйзамдын 12-беренесинде каралган эрежелер боюнча күчүнө кирет.

4. Чечим түшүнүксүз болуп калган учурда администрациялык ишти чечкен коллегиалдуу орган (кызмат адамы) таламдаш жактын өтүнмөсү боюнча анын мазмунун өзгөртпөстөн чечимди түшүндүрүп берүүгө, ошондой эле таламдаш жактын өтүнмөсү боюнча же өзүнүн демилгеси менен чечимдин маани-маңызын козгобостон кетирилген жаңылыштыктарды, мүчүлүштүктөрдү жана арифметикалык каталарды оңдоого укуктуу.

VI Глава. Администрациялык иштер боюнча чечимдерге даттануунун шарттары жана тартиби

---

Мурунку берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-41)  
Кийинки берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-43)
