# 40-берене. Администрациялык иш боюнча чечим кабыл алуу жана баяндоо

- Документ: [Администрациялык жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1401)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 1-мартындагы № 16 "Администрациялык жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 01.03.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2015 года № 210 "Об основах административной деятельности и административных процедурах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-40>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1338/edition/769497/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1401/st-40.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жол-жоболор жөнүндө, 40-берене (31.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-40

---

1. Администрациялык ишти маани-маңызы боюнча чечкен учурда администрациялык орган мыйзамдуу жана негиздүү болгондой чечим кабыл алат.

Администрациялык жол-жоболорду регламенттөөчү мыйзамдар менен администрациялык иштердин айрым категориялары боюнча чечимдердин айкын аталыштары менен жол-жоболук формалары белгилениши мүмкүн.

2. Администрациялык орган чечимди ушул Мыйзамдын жоболорун эске алуу менен, иликтеген далилдерге таянып гана негиздейт.

3. Администрациялык орган далилдерди кошумча иликтөө же администрациялык иш үчүн маанилүү болгон жагдайларды тактап билүүнү улантуунун зарылдыгын таап, администрациялык ишти кароону кайрадан баштайт.

4. Администрациялык иш боюнча чечим жазуу жүзүндө баяндалат жана коллегиалдуу органдын бардык мүчөлөрү (кызмат адамы) тарабынан кол коюлат. Кол тамгалар белгиленген тартипте администрациялык органдын мөөрү менен ырасталат.

---

Мурунку берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-39)  
Кийинки берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-41)
