# 39-берене. Жыйналыштын протоколу

- Документ: [Администрациялык жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1401)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 1-мартындагы № 16 "Администрациялык жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 01.03.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2015 года № 210 "Об основах административной деятельности и административных процедурах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-39>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1338/edition/769497/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1401/st-39.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жол-жоболор жөнүндө, 39-берене (31.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-39

---

1. Жыйналышта протокол түзүлөт. Протоколдо төмөндөгүлөр көрсөтүлөт:

а) жыйналыш же өзүнчө жол-жоболук иш-аракеттер жасалган жыл, ай, күн жана жер;

б) ишти караган органдын аталышы, анын курамы;

в) иштин аталышы;

г) таламдаш жактар жана жыйналыштын дагы башка катышуучулары тууралу маалыматтар, алардын жыйналышка катышуусу;

д) таламдаш жактарга жана жыйналыштын дагы башка катышучуларына алардын укуктары менен милдеттеринин түшүндүрүлгөндүгү тууралу маалыматтар;

е) жыйналыштын жүрүшүндө администрациялык орган тарабынан чыгарылган чечимдер;

ж) таламдаш жактардын оозеки арыздары жана өтүнмөлөрү;

з) күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, эксперттердин өз корутундуларын оозеки түшүндүрүүлөрү;

2. Протоколду төрага ыйгарым укук берген жыйналыштын катчысы алып барат.

3. Протоколго жыйналыштын төрагасы жана катышуучулары кол коюшат.

4. Протокол ошондой эле жыйналыштан тышкары айрым жол-жоболук иш-аракеттерди жасаган учурда да түзүлөт. Өзүнчө жол-жоболук иш-аракеттердин жасалганы тууралу протокол түздөн-түз ушул иш жасалгандан кийин түзүлөт жана кол коюлат.

5. Жыйналыштын катышуучулары жыйналыштын протокол же жол-жоболук иш-аракеттер менен таанышууга жана анын толук жана туура түзүлүшүнө байланыштуу сын-пикирлерди берүүгө укугу бар. Сын-пикирлердин кабыл алынышы же четке кагылышы тууралу протоколдо көрсөтүлөт.

V Глава. Администрациялык иш боюнча чечим чыгаруу

---

Мурунку берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-38)  
Кийинки берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-40)
