# 38-берене. Кошумча далилдерди бербей коюу жана таламдаш жактын жыйналышка келбей коюшу

- Документ: [Администрациялык жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1401)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 1-мартындагы № 16 "Администрациялык жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 01.03.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2015 года № 210 "Об основах административной деятельности и административных процедурах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1338/edition/769497/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1401/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жол-жоболор жөнүндө, 38-берене (31.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-38

---

1. Администрациялык орган таламдаш жактарга берүүгө сунуш кылган кошумча далилдердин берилбей калышы андагы болгон материалдар боюнча администрациялык ишти кароого тоскоолдук болуп саналбайт.

2. Жыйналыштын кайсы убакта, качан өтөрү жана кай жерде өтөрү тууралу тиешелүү тартипте кабарланган таламдаш жак, күбөлөр, котормочулар жыйналышка келбей калган учурда администрациялык иш ал катышпаса деле чечилиши мүмкүн.

3. Иштин өзгөчөлүгүн эске алып, таламдаш жак, күбөлөр, котормочулар келбей калган учурда же кошумча далилдерди келтирүү зарылчылыгы туулса, администрациялык орган ишти кароону кийинкиге калтырууга укуктуу.

4. Администрациялык ишти кароону кийинкиге калтыруу жыйналыштын протоколунда көрсөтүлөт.

5. Катышуучулар жаңы жыйналыш өтө турган убакыт жана орун тууралу ушул Мыйзамда каралган жолдор менен кабардар болушат.

---

Мурунку берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-37)  
Кийинки берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-39)
