# 36-берене. Далилдерди иликтөө жана жыйналышта администрациялык ишти кароонун үзгүлтүксүздүгү

- Документ: [Администрациялык жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1401)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 1-мартындагы № 16 "Администрациялык жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 01.03.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2015 года № 210 "Об основах административной деятельности и административных процедурах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1338/edition/769497/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1401/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жол-жоболор жөнүндө, 36-берене (31.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-36

---

1. Администрациялык ишти караган учурда иш боюнча төмөндөгүдөй далилдер иликтенет: таламдаш жактардын түшүндүрүүлөрү, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, эксперттердин корутундулары угулат, жазуу жүзүндөгү далилдер тааныштырылат, далил заттар карап чыгылат.

2. Администрациялык ишти кароо коллегиалдуу органдын өзгөрүлбөгөн курамы (ошол эле кызмат адамы) менен жүзөгө ашырылат.

3. Эс алууга бөлүнгөн убакытты жана ишти кароо кийинкиге калтырылган учурларды кошпогондо, ар бир администрациялык ишти кароо үзгүлтүксүз жүргүзүлөт. Өзгөчө учурларда администрациялык орган жыйналышта танапис жарыялоого укуктуу.

---

Мурунку берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-35)  
Кийинки берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-37)
