# 33-берене. Администрациялык ишти жыйналышта кароо тууралу кулактандыруу

- Документ: [Администрациялык жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1401)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 1-мартындагы № 16 "Администрациялык жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 01.03.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2015 года № 210 "Об основах административной деятельности и административных процедурах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1338/edition/769497/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1401/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жол-жоболор жөнүндө, 33-берене (31.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-33

---

1. Администрациялык ишти кароо тууралу кулактандыруу тиешелүү органдын маалымат тактасына жыйналышты өткөрүүгө үч күн калгандан кечиктирилбестен илинет, тиешелүү билдирме жыйналышка катышуучуларга жиберилет (тапшырылат) же жеке кабыл алуунун жүрүшүндө айтылат.

2. Кулактандырууда булар көрсөтүлөт: администрациялык ишти кароочу коллегиалдуу органдын курамы (кызмат адамынын фамилиясы, аты, атасынын аты); арыз ээсинин (өкүлүнүн) жана таламдаш жактын маалыматтары; арыздын жүйөсү; жыйналыш өткөрүүчү убакыт жана өтө турган жер.

3. Жыйналышка катышуучулардын өтүнмөсү боюнча жана алардын эсебинен же коллегиалдуу органдын (кызмат адамынын) төрагасынын демилгеси боюнча жыйналыш тууралу кулактандыруу маалымат каражаттарында жарыяланат жана Интернетке киргизилет.

---

Мурунку берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-32)  
Кийинки берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-34)
