# 32-берене. Администрациялык ишти жыйналышта кароого даярдоо боюнча иш-аракеттер

- Документ: [Администрациялык жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1401)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 1-мартындагы № 16 "Администрациялык жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 01.03.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2015 года № 210 "Об основах административной деятельности и административных процедурах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1338/edition/769497/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1401/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жол-жоболор жөнүндө, 32-берене (31.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-32

---

1. Ишти жыйналышта кароого даярдаган учурда коллегиалдуу органдын төрагасы (кызмат адамы) төмөндөгүдөй иш-аракеттерди жасайт:

а) арыз ээсинен анын арызынын маани-маңызын сурамжылайт, эгерде зарылчылык болсо, кошумча далилдерди келтирүүнү сунуш кылат, ага жол-жоболуу укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт;

б) укуктарды токтото туруу (токтотуу) тууралу иш боюнча таламдаш жакты чакырат жана иштин жагдайы боюнча сурамжылайт, арыз ээсинин талаптарынын кайсынысына каршы экенин, бул пикирлери кандай далилдер менен тастыктала турганын билет, ага жол-жоболук укуктарды жана милдеттерди түшүндүрөт;

в) далилдердин тиешелүүлүгүн жана мүмкүндүгүн текшерет;

г) экспертизаны дайындоо, котормочуну тартуу, күбөлөрдү чакыруу тууралу маселени карайт;

д) администрациялык ишти туура жана өз убагында чечүүнү камсыз кылууга багытталган дагы башка чараларды көрөт, анткени алар мыйзамга карама-каршы келбейт.

---

Мурунку берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-31)  
Кийинки берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-33)
