# 31-берене. Администрациялык ишти кароонун жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жобосунун өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Администрациялык жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1401)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 1-мартындагы № 16 "Администрациялык жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 01.03.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2015 года № 210 "Об основах административной деятельности и административных процедурах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1338/edition/769497/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1401/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жол-жоболор жөнүндө, 31-берене (31.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-31

---

1. Администрациялык ишти жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жоболор боюнча кароо тууралу арыздарды берүү жана кабыл алуу ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

2. Жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жобону колдонгон учурда жыйналыш өткөрүлбөйт.

3. Жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жобо боюнча иш буга ыйгарым укугу бар кызмат адамы тарабынан жеке же администрациялык органдын иш регламентине ылайык коллегиалдуу органдын төрагасы тарабынан каралат жана чечилет.

4. Чечимди кабыл алуунун мөөнөтү бул ишке ыйгарым укугу бар кызмат адамы же коллегиалдуу органдын төрагасы тарабынан белгиленет, ал арыз кабыл алынган күндөн тартып бир айдан ашпоого тийиш.

5. Жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жобо боюнча каралган жана чечилген иштер тууралу коллегиалдуу органдын төрагасы аларды белгиленген тартипте бекитүү үчүн коллегиалдуу органдын кезектеги жыйналышында баяндама жасайт.

6. Администрациялык иштерди жыйналышта кароо

---

Мурунку берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-30)  
Кийинки берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-32)
