# 30-берене. Администрациялык иштерди жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жоболор боюнча кароонун шарттары

- Документ: [Администрациялык жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1401)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 1-мартындагы № 16 "Администрациялык жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 01.03.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2015 года № 210 "Об основах административной деятельности и административных процедурах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1338/edition/769497/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1401/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жол-жоболор жөнүндө, 30-берене (31.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-30

---

1. Жеке кабыл алуунун жүрүшүндө чечилбеген администрациялык иштер администрациялык жыйналышта (мындан ары - жыйналыш) угуу белгиленбестен жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жоболор боюнча каралышы мүмкүн.

2. Администрациялык ишти жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жоболор боюнча кароо таламдаш жактын же анын өкүлүнүн макулдугу менен гана колдонулат.

Мындай макулдук администрациялык ишти кароо тууралу арызда түздөн-түз көрсөтүлүшү болбосо администрациялык ишти жыйналышта кароо башталганга чейин жеке кабыл алуунун жүрүшүндө түздөн-түз айтылышы мүмкүн.

3. Арызды кабыл алуучу жана администрациялык ишти кароого даярдоочу кызмат адамы арыз ээсине жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жобонун мазмунун жана анын укугун ишке ашыруу тартибине макул экендигин же аны колдонууга макул эместигин түшүндүрүүгө милдеттүү.

4. Арыз ээсин жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жобону колдонууга макулдук бер деп же аны колдонуудан баш тарт деп зордоо кызматтык укук бузуу катары бааланат жана мыйзамдарда каралган жоопкерчиликке кириптер кылат.

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-29)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-31)
