Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
3-берене. Администрациялык жол-жоболорду белгилөө принциптери
Күчүн жоготкон · 31.07.2015 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 июля 2015 года № 210.
Ушул Мыйзамда каралган администрациялык жол-жоболор төмөндөгүдөй негизги принциптерге негизденет:
1. Таламдаш жактар бул органдын жана мындай жактын компетенциясына кирген укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарына түздөн-түз тиешеси бар маселелерди чечүү үчүн администрациялык органдарга кайрылууга укуктуу.
Администрациялык орган анын компетенциясына кирген маселе боюнча кайрылууну карап чыгууга жана жарандардын, жеке ишкерлердин жана юридикалык жактардын укуктарынын, эркиндиктеринин жана кызыкчылыктарынын артыкчылыктарын эске алып, тиешелүү чечим чыгарууга милдеттүү.
2. Администрациялык орган Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын сактоого жана укукка каршы жосундарды жасабоого милдеттүү.
Администрациялык орган тарабынан конституциялык укуктарды жана эркиндиктерди чектеген актыны кабыл алуу же кандай болбосун аракеттерди жасоо (аракетсиздик) Кыргыз Республикасынын Конституциясына же айкын мыйзамга негизделүүгө тийиш. Бийликти кыянаттык менен пайдаланып администрациялык орган тарабынан кабыл алынган акт, ошондой эле башка кандай болбосун аракет (аракетсиздик) жараксыз деп эсептелинет. Администрациялык иштерди кароого жана чечүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдары жана коллегиалдуу органдын мүчөлөрү өздөрүнүн иш-милдеттерин тийиштүү деңгээлде аткарышпаса жана кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чапса, мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартышат.
3. Администрациялык иштерди кароо жана чечүү мыйзам алдындагы теңдик башталыштарда төмөндөгүдөй жүзөгө ашырылат:
- уюштуруу-укуктук формасына, жайгашкан жерине, баш ийүүсүнө, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын;
- жынысына, расасына, улутуна, тилине, тегине, мүлктүк жана кызматтык абалына, жашаган жерине, дин тутуусуна, ынанымына, бирикмелерге таандуулугуна, ошондой эле дагы башка жагдайларга карабастан жарандардын жана жеке ишкерлердин.
Администрациялык териштирүүнүн кайсы тарабына болбосун укуктарды, эркиндиктерди жана кызыкчылыктарды жүзөгө ашырууга чек коюу же кийлигишүү жана мыйзамды бузууда кайсы тарапка болбосун артыкчылык мамиле кылууга же аны дискриминациялоого тыюу салынат. Башка чечимди чыгаруу үчүн мыйзамдуу негиздер болгон учурларды кошпогондо, ар кандай иштер боюнча окшош жагдайлар болгон учурда алар боюнча чыгарылган чечимдер да окшош болууга тийиш.
4. Администрациялык иштерди кароо жана чечүү ачык болуп саналат. администрациялык иштерди жабык режимде кароого жана чечүүгө төмөндөгүдөй учурларда жол берилет:
- мамлекеттик сыр жөнүндө мыйзамдарда каралган учурларда;
- уул (кыз) асырап алуу, коммерциялык, банк, нотариалдык, адвокаттык сырдын же дагы башка мыйзам менен корголо турган сырдын сакталышын камсыз кылуу зарылдыгына таянган таламдаш жактын өтүнүчү канааттандырылган учурда;
- жеке адамдын өмүрүн же мыйзамдарда каралган башка жагдайларда кол тийбестикти камсыз кылуу зарылдыгына таянган таламдаш жактын өтүнүчү канааттандырылган учурда.
Администрациялык ишти жабык режимде кароо жөнүндө администрациялык органдын чечиминде көрсөтүлөт. Жабык режимдеги администрациялык иш ушул Мыйзамда каралган бардык талаптарды эске алуу менен каралат жана чечилет.
5. Администрациялык ишти караган учурда аны чечүү үчүн зарыл болгон бардык далилдер түздөн-түз изилденет.
Администрациялык органдар өздөрүнүн ыйгарым укуктарын калыс жүзөгө ашырууга тийиш. Администрациялык иштерди кароого жана чечүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдары жана коллегиалдуу органдын мүчөлөрү жеке кызыкчылыгы же чечим кабыл алуу ишине таасирин тийгизиши мүмкүн болгон башка жагдайлар болгон учурда администрациялык кароого катыша албайт.
6. Администрациялык иштер боюнча өндүрүш мамлекеттик же расмий тилдерде жүргүзүлөт. Администрациялык иштер боюнча өндүрүш тобу менен жашап турган элдердин башка тилинде да жүргүзүлүшү мүмкүн.
Администрациялык иш боюнча өндүрүш жүргүзүлгөн тилди таламдаш жак билбесе, ага бардык материалдар менен өз эне тилинде болбосо өзү тандаган башка тилде таанышуу, түшүндүрмө берүү, сөз сүйлөө жана өтүнмө билдирүү, арыз берүү, ошондой эле котормочунун кызматынан пайдалануу укугу түшүндүрүлөт жана камсыз кылынат. Эгерде таламдаш жак тапшырган арыз же башка бир документ мамлекеттик же расмий тилдердин биринде жазылбаган болсо, таламдаш тарап администрациялык орган тарабынан белгиленген мөөнөттө нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормону берүүгө тийиш.
7. Администрациялык иштерди кароо жана чечүү боюнча ыйгарым укуктарды коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарга толугу менен же жарым-жартылай өткөрүп берүүгө жол берилбейт. Мыйзамдарда каралган учурларда мындай ыйгарым укуктар компетенттүү мамлекеттик мекемелерге берилиши мүмкүн.
8. Бардык деңгээлдердеги администрациялык органдар үчүн администрациялык жол-жоболордун талаптары бирдей болот. Администрациялык органдардын ыйгарым укуктары жана компетенциясы так жиктелген. Төмөн турган администрациялык органдар жогору турган органдарга баш ийет.
9. Инсандын, коомдун жана мамлекеттин эриш-аркак жоопкерчилиги жана кызыкчылыктарынын балансы. Администрациялык жол-жоболордун үнөмдүүлүгү жана натыйжалуулугу.
Эгерде адамдын мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктарына келтирген зыян ала турган пайдадан алда канча чоң болсо, администрациялык органдар мындай актыны чыгарбоого тийиш.
10. Администрациялык кароого катышуучу адамдар администрациялык кароонун жүрүшүндө алынган же түзүлгөн ар кандай жашыруун маалымат болбосун кызматтан тышкары же жеке максатта ачууга же пайдаланууга укуксуз. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мындай маалыматты ачкандыгы үчүн адамдар жоопкерчиликке тартылышат.
Берененин тексти 31.07.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1401/st-3" title="3-берене - Администрациялык жол-жоболор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>