# 27-берене. Коллегиалдуу органдын мүчөсүн жана кызмат адамын, экспертти жана котормочуну чыгарып салуу

- Документ: [Администрациялык жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1401)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 1-мартындагы № 16 "Администрациялык жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 01.03.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2015 года № 210 "Об основах административной деятельности и административных процедурах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1338/edition/769497/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1401/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жол-жоболор жөнүндө, 27-берене (31.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-27

---

1. Коллегиалдуу органдын төрагасы же дагы башка мүчөсү же администрациялык органдын кызмат адамы, эксперт жана котормочу администрациялык ишти кароого катыша албайт жана чыгарып салынат:

а) эгерде ал таламдаш жактын же анын өкүлүнүн тууганы болсо;

б) эгерде ал мурда ушул администрациялык иш каралган учурда эксперт, котормочу, өкүл же күбө катары катышкан болсо;

в) эгерде ал же анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири таламдаш тарап катары чыгып жаткан юридикалык жактын акцияларына, уставдык капиталынын үлүшүнө ээ болсо;

г) эгерде анын өзү түздөн-түз же кыйыр түрдө иштин бүтүшүнө кызыкдар болсо, же анын калыстыгына жана адилеттигине күмөн туудурса.

2. Администрациялык ишти кароочу коллегиалдуу органдын курамына өз ара туугандык мамилеси бар адамдар кире албайт.

3. Эгерде эксперт таламдаш жакка жана анын өкүлүнө болбосо кызмат адамына же ушул администрациялык ишти чечүүгө ыйгарым укук берилген коллегиалдуу органдын мүчөсүнө кызмат жагынан көз каранды болуп келген болсо, же дагы эле көз каранды болсо чыгарып салынууга тийиш.

4. Ушул администрациялык иш мурда каралганда эксперттин же котормочунун эксперт же котормочу катары катышканы аларды чыгарып салууга негиз болбойт.

5. Ушул беренеде туугандары (үй-бүлө мүчөлөрү) деп балдары (анын ичинде асырап алынгандар), жубайы (аялы), ата-энеси, бир тууган ага-инилери, эже-сиңди, карындаштары, ошондой эле ата-энеси тараптан чоң ата, чоң энеси, таята, таянеси, неберелери түшүнүлөт.

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-28)
