# 23-берене. Арызды кайтарып берүү

- Документ: [Администрациялык жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1401)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 1-мартындагы № 16 "Администрациялык жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 01.03.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2015 года № 210 "Об основах административной деятельности и административных процедурах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1338/edition/769497/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1401/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жол-жоболор жөнүндө, 23-берене (31.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-23

---

1. Администрациялык орган арызды төмөндөгүдөй учурларда кайтарып берет:

а) эгерде ушул Мыйзамда белгиленген арыздын формасы менен мазмуну сакталбаса;

б) эгерде арызга кол коюлбаса же кол коюуга укугу жок адам тарабынан кол коюлган болсо;

в) эгерде администрациялык иштердин ушул категориясы үчүн мыйзамда белгиленген жыйымдын же дагы башка төлөмдүн төлөнгөндүгүн тастыктаган документтер берилбесе, ал эми мыйзам тарабынан каралган төлөөнү кийинкиге жылдыруу, мөөнөткө бөлүп төлөө болбосо алардын өлчөмүн азайтуу мүмкүнчүлүгү каралган учурларда бул тууралу өтүнмө жок болсо же мындай өтүнмө четке кагылса.

2. Администрациялык иш бул администрациялык органга караштуу эмес деген жүйө менен арызды кайтарып берүүгө жол берилбейт. Мындай учурда арыз ушундай администрациялык иштерди караганга ыйгарым укугу бар тиешелүү органга жиберилет, бул тууралу арыз ээсине кат аркылуу билдирилет же жеке кабыл алган учурда айтылат.

3. Арызды кайтарып берүү тууралу жүйөлүү администрациялык акт түзүлөт, ага администрациялык же сот тартибинде даттанса болот. Аталган администрациялык акт жокко чыгарылган учурда адегенде кайрылган күн арыз берилген деп эсептелинет.

4. Арыздын кайтарып берилиши кетирилген тартип бузуулар четтетилгенден кийин аны менен жалпы тартипте экинчи ирет кайрылууга жолтоо болбойт.

IV Глава. Администрациялык иштерди кароонун жол жоболору

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-24)
