# 22-берене. Арыздарды кабыл алуу жана эсебин алуу

- Документ: [Администрациялык жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1401)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 1-мартындагы № 16 "Администрациялык жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 01.03.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2015 года № 210 "Об основах административной деятельности и административных процедурах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1338/edition/769497/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1401/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жол-жоболор жөнүндө, 22-берене (31.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-22

---

1. Арызды кабыл алуу тууралу маселе администрациялык орган тарабынан арыз берилген беш күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен же арыз ээсин жеке кабыл алган учурда чечилет.

2. Кабыл алынган бардык арыздар эсепке алынууга тийиш. Арыз жана ага тиркелген документтер сыпаттама боюнча кабыл алынат, анын көчүрмөсү кабыл алынган датасы белгиленүү менен арыз ээсине жиберилет (тапшырылат).

3. Администрациялык орган ушул Мыйзамда каралган талаптарды сактоо менен берилген арызды кароо үчүн кабыл алууга милдеттүү.

4. Администрациялык орган арызды кабыл алуудан төмөндөгүдөй учурларда баш тартат:

а) эгерде бул иш өз жүйөсү боюнча администрациялык жол-жоболор тууралу мыйзамдарга ылайык каралууга тийиш болбосо;

б) эгерде ошол эле жактардын иши боюнча, ошол эле жүйө жана ошол эле негиздер боюнча кабыл алынган мыйзамдуу күчүнө кирген чечим же иш боюнча өндүрүштү токтотуу тууралу же соттун жашыруун макулдашуусун бекитүү тууралу аныктамасы болсо;

в) эгерде сот өндүрүшүндө ошол эле жактардын ортосунда бир эле жүйө жана ошол эле негиздер боюнча талаш туудурган иш болсо;

г) эгерде бул иш боюнча администрациялык органга карата жогору турган органдын күчүнө кирген чечими болсо же ал анын кароосунда турса.

5. Администрациялык орган арызды кабыл алуудан баш тартуу тууралу жүйөлөштүрүлгөн чечим чыгарат, ал келип түшкөн күндөн тартып беш күндөн кечиктирбестен арыз ээсине жиберилет же арыз ээсинин өзүн кабыл алуунун жүрүшүндө ага айтылат.

Арыз ээсине жиберилүүчү аталган администрациялык актыга арыз ээси берген материалдар кошо тиркелет.

6. Арызды кабыл алуудан баш тартуу тууралу администрациялык актка администрациялык же сот тартибинде даттанылышы мүмкүн. Аталган администрациялык акты жокко чыгарылган учурда арыз администрациялык органга адегендеги кайрылган күндө берилген деп эсептелинет.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-23)
