20-берене. Арыздын формасы жана мазмуну
Күчүн жоготкон · 31.07.2015 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 июля 2015 года № 210.
1. Арыз тиешелүү администрациялык органдын жетекчисине же түздөн-түз коллегиалдуу органга болбосо ушул категориядагы администрациялык ишти кароого ыйгарым укуктуу кызмат адамына берилет.
Арыз жазуу жүзүндө берилет жана таламдаш жак же анын өкүлү тарабынан кол коюлат. Таламдаш жактардын укуктарын токтото туруу (токтотуу) тууралу арызга контролдоочу органдын ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан кол коюлат.
2. Таламдаш жакка ыйгарым укуктарды берүү, ырастоо же каттоо тууралу арызда төмөндөгүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
а) арыз берүүчү органдын аталышы;
б) юридикалык жактар үчүн - аталышы, уюштуруу-укуктук формасы;
в) жеке ишкер жана жаран үчүн - фамилиясы, аты, атасынын аты, инсандыгын ырастаган документтин реквизиттери;
г) ушул арыздын жүйөсүн түзгөн мүнөзү жана ыйгарым укуктарынын мазмуну, ошондой эле арыз ээси бүткөрүп берүүнү суранып жаткан администрациялык органдын иш-аракети;
д) администрациялык ишти туура чечүү үчүн арыз ээсинин пикири боюнча зарыл дагы башка маалыматтар, ошондой эле администрациялык жол-жоболорду жөнгө салуучу мыйзамдар менен белгиленген маалыматтар;
е) тиркелүүчү документтердин тизмеси.
Арыз ээси арызга өзүнүн ою боюнча, администрациялык ишти чечүүгө мааниси бар кандай болбосун кошумча маалыматтарды жана өтүнмөнү киргизе алат. Арыз ээсинен администрациялык жол-жоболорду жөнгө салуучу мыйзамдарда каралбаган маалыматтарды арызга киргизүүнү талап кылууга тыюу салынат.
3. Укуктарды токто туруу (токтотуу) тууралу арызда төмөндөгүлөр көрсөтүлөт:
а) арыз берип жаткан органдын аталышы;
б) тиешелүү контролдоочу органдын аталышы жана жайгашкан жери;
в) арызга кол коюучу кызмат адамынын фамилиясы, аты, атасынын аты, кызматы;
г) таламдаш жактын - юридикалык жактын аталышы жана уюштуруу-укуктук формасы;
д) жеке ишкердин (жарандын) - таламдаш жактын инсандыгын ырастаган документинин маалыматтары, анын фамилиясы, аты, атасынын аты;
е) таламдаш жакка тиешелүү укуктарды (күбөлүктү, каттоону) берүү тууралу чечимдин датасы жана номери; ушул чечимди кабыл алган органдын аталышы жана жайгашкан жери;
ж) тиешелүү ыйгарым укуктардын берилгендигин (күбөлүктү, каттоону) тастыктап, таламдаш жакка берилген документтин датасы, сериясы жана номери, ошондой эле бул документти берген органдын аталышы жана жайгашкан жери;
з) таламдаш жактын тиешелүү укуктарын токтото турууга (токтотууга) мыйзамдар тарабынан каралган негиздерге ылайык келүүчү иш жүзүндөгү жагдайлар;
и) ушул пункттун «з» пунктчасында көрсөтүлгөн жагдайлардын бар экендигин тастыктаган далилдер;
к) таламдаш жактын укуктарын токтото туруу (токтотуу) тууралу мыйзамдарга жана башка ченемдик укуктук актыларга шилтемеси бар арыз ээсинин сунушу;
л) администрациялык ишти чечүү үчүн мааниси бар башка маалыматтар.
Берененин тексти 31.07.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
20-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1401/st-20" title="20-берене - Администрациялык жол-жоболор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>