# 19-берене. Администрациялык ишти кароо тууралу арыз

- Документ: [Администрациялык жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1401)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 1-мартындагы № 16 "Администрациялык жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 01.03.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2015 года № 210 "Об основах административной деятельности и административных процедурах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1338/edition/769497/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1401/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жол-жоболор жөнүндө, 19-берене (31.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-19

---

1. Администрациялык ишти кароо тууралу арыз (мындан ары - арыз) ушул Мыйзам, администрациялык жол-жоболор жөнүндөгү дагы башка мыйзамдар менен жөнгө салынуучу мамилелердин келип чыгышына негиз болот.

2. Таламдаш жактарга ыйгарым укуктарды берүү, ырастоо же каттоо тууралу арыз тиешелүү жак же анын өкүлү тарабынан берилет.

3. Таламдаш жактын ыйгарым укуктарын токтото туруу (токтотуу) тууралу арыз аталган ыйгарым укуктарды пайдалануунун белгиленген шарттарын сактоого (мындан ары - контролдоочу орган) контролду жүзөгө ашырууга укугу бар кызмат адамы тарабынан берилет.

4. Арыз администрациялык органга берилиши же почта менен жөнөтүлүшү мүмкүн.

Арыз ээси жеке өзү жүйөлөрүн келтирип жазууга, ошондой эле өз кайрылуусунун негиздүүлүгүн тастыктаган кошумча материалдарды берүүгө укуктуу.

5. Арыз ээси маалыматтын жашыруундуулугун сактоо үчүн мамлекеттик, коммерциялык же жеке сыр болгон маалыматты коргоону талап кылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-20)
