# 18-берене. Документтердин каралышы жана өтүшү

- Документ: [Администрациялык жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1401)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 1-мартындагы № 16 "Администрациялык жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 01.03.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2015 года № 210 "Об основах административной деятельности и административных процедурах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1338/edition/769497/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1401/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жол-жоболор жөнүндө, 18-берене (31.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-18

---

1. Администрациялык органга же түздөн-түз ошол органдын жетекчилигине жиберилүүчү документтер келип түшкөндөн кийин катталат жана жетекчиликке берилет, ал аларды карайт жана тиешелүү резолюция коюп, аткарууга жиберет.

2. Эгерде маселе администрациялык органдын ыйгарым укуктарынын чегинен чыга турган болсо, анда жетекчи документти тиешелүү деңгээлде кароо үчүн компетенттүү администрациялык органга жиберүү тууралу чечим кабыл алат.

3. Документтерге өздөрүнүн ортосундагы милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө жараша жетекчи, орун басарлар же администрациялык органдын дагы башка ыйгарым укуктуу адамы тарабынан кол коюлат.

4. Администрациялык органга кайтарып берүүнү талап кылган документке аны кайтарып берүү зарылчылыгы тууралу белги коюлат.

III Глава. Администрациялык ишти кароо тууралу арыз берүү

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-19)
