16-берене. Коллегиалдуу администрациялык органдардын иши
Күчүн жоготкон · 31.07.2015 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 июля 2015 года № 210.
1. Чечимдери коллегиалдуу органдын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынуучу органдар коллегиалдуу администрациялык органдар болуп саналат.
Коллегиалдуу органдын курамына үч же дагы башка так эмес сандагы адамдар кирүүгө тийиш. Коллегиалдуу органдын төрагасы администрациялык жыйналышта төрагалык кылат жана ушул Мыйзамда каралган дагы башка жол-жоболук иш-аракеттерди жасайт. Коллегиалдуу органдын төрагасы жана мүчөлөрү администрациялык иштерди караган учурда бирдей жол-жобо укуктарынан пайдаланышат. Коллегиалдуу орган тарабынан администрациялык иш каралган учурда келип чыгуучу маселелер ошол органдын курамындагылардын көпчүлүк добушу менен чечилет. Коллегиалдуу органдын мүчөлөрүнүн бири да добуш берүүдөн калыс болгонго укуксуз. Коллегиалдуу органдын төрагасы акырында добуш берет. Көпчүлүктүн добушу менен макул болбогон коллегиалдуу органдын мүчөсү бул чечимге кол коюуга тийиш жана өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө баяндап берүүгө укуктуу, ал администрациялык ишке кошо тиркелет. Таламдаш жактар коллегиалдуу органдын мүчөсүнүн өзгөчө пикири менен таанышууга укуктуу. Чечим кабыл алынып жатканда өзгөчө пикири болгон же каршы добуш бергендерди кошпогондо, коллегиалдуу орган тарабынан кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугу үчүн жоопкерчилик добуш берүүгө катышкан бардык мүчөлөрүнө жүктөлөт.
2. Коллегиалдуу органдардын ишинин негизги формасы ушул органдардын чечимдери кабыл алынуучу алардын жыйналыштары болуп саналат. Жыйналышка катышууга мүмкүнчүлүгү болбогон коллегиалдуу органдын мүчөсү администрациялык иш боюнча өз пикирин жазып берүүгө укуктуу, ал иштин материалдарына кошо тиркелет.
3. Жыйналыштарды даярдаганда жана өткөргөндө төмөндөгү маселелер чечилет:
- жыйналыштарды пландаштыруу;
- жыйналыштын күн тартибин иштеп чыгуу;
- жыйналышта карала турган маселелердин тизмеси;
- жыйналышты өткөрүү боюнча уюштуруу жагындагы дагы башка иш-чаралар.
4. Жыйналыштарды өткөрүүнүн тартиби коллегиалдуу органдардын регламенттери менен аныкталат. Коллегиалдуу органдын жыйналышы протоколдонот.
5. Коллегиалдуу орган тарабынан кабыл алынган администрациялык актылар токтом түрүндө жол-жоболоштурулат жана катар номер коюлуп, реестрде катталат.
Зарыл учурда кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы иштелип чыгат жана бекитилет, алардын аткарылышы контролдукка алынат.
6. Коллегиалдуу түрдө каралууга тийиш болгон администрациялык иш жекече кароого берилбейт.
Берененин тексти 31.07.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1401/st-16" title="16-берене - Администрациялык жол-жоболор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>