# 15-берене. Жеке өзү тескөөчү иш

- Документ: [Администрациялык жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1401)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 1-мартындагы № 16 "Администрациялык жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 01.03.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2015 года № 210 "Об основах административной деятельности и административных процедурах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1338/edition/769497/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1401/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жол-жоболор жөнүндө, 15-берене (31.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-15

---

1. Жеке өзү тескөөчү иш - администрациялык органдардагы кызмат адамдары тарабынан жүзөгө ашырылуучу администрациялык актыларга ыйгарым укуктуу кызмат адамдары жеке өзү кол коюудан, карамагындагы кызматчыларга көрсөтмө жана тапшырма берүүдөн, администрациялык иш-милдеттерди аткаруу жагындагы дагы башка уюштуруу-тескөө чараларын жеке өзү кабыл алуудан көрүнүүчү иш.

2. Кызмат адамына жеке өзү тескөөчү ишке укук берилген учурда, ал тиешелүү администрациялык органдын атынан иш жүргүзөт.

Администрациялык органдын жетекчиси өзүнө ишенип берилген органга жетекчиликти жүзөгө ашырат жана кабыл алынган чечимдер үчүн жеке өзү керт башы менен жооп берет.

3. Жеке өзү тескөө менен иштегенде, төмөн турган кызмат адамдары өздөрүнүн иш-аракеттерин жогору турган кызмат адамдарынын чечимдерине ылайык гана жүргүзүшөт.

4. Жеке өзүнүн тескөөсү менен кабыл алынган администрациялык актылар, буйруктар (тескемелер) менен жол-жоболоштурулат, ага катар номер коюлат жана реестрде катталып, аткаруучуларга жөнөтүлөт. Зарыл учурларда кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы иштелип чыгат жана бекитилет, алардын аткарылышы контролдукка алынат.

5. Таламдаш жактын арызы боюнча жекече каралуучу кандай гана администрациялык иш болбосун, ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык төрагадан жана мүчөлөрүнөн турган курамдагы тиешелүү администрациялык органдын жетекчиси тарабынан бекитилүүчү коллегиалдуу орган карашы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-16)
