12-берене. Администрациялык актылардын күчүнө кириши жана колдонулушунун токтотулушу
Күчүн жоготкон · 31.07.2015 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 июля 2015 года № 210.
1. Эгерде администрациялык актыда анын күчүнө киришинин алда канча кийинчерээктеги мөөнөтү аныкталбаса, акт расмий түрдө кабарлангандан же элге жар салынгандан же расмий түрдө жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
Администрациялык акт тууралу таламдаш жакты расмий түрдө кабарлоо ага же анын өкүлүнө актынын көчүрмөсүн тилкат менен берүүнү же актынын көчүрмөсүн почта аркылуу жиберүүнү билдирет. Актыны жеткирүү маселеси боюнча талаш-тартыш болсо, далилдеп берүү түйшүгү администрациялык органга жүктөлөт. Элге жар салуу деген администрациялык органдын имаратына актынын текстин көпчүлүк көрө турган жерге илип коюуну түшүндүрөт. Керек болгон учурда акт башка коомдук жайларга да илинип коюлат. Актыны расмий түрдө жарыялоо мыйзамдарда каралган учурларда гана жүргүзүлөт. Акт тиешелүү администрациялык органдын расмий басылмасына жарыяланат. Эгерде орган расмий басылма чыгарбаса, акт ведомствого караштуу аймактын басылмасына жарыяланат. Бөлөк учурда акт тууралу элге ачык жарыя кылынат. Администрациялык орган ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык жарыялоонун жол-жобосун же элге ачык жарыя кылууну күн мурунтан белгилөөгө тийиш.
2. Өзгөчө учурларда, эгерде кечеңдетүү таламдаш жактын же дагы башка жактардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын ишке ашырылышына, мамлекеттин же коомдун таламдарына, коркунучту четтетүүгө, укук бузууларды болтурбоого же териштирүүгө олуттуу зыян тийгизсе, администрациялык акт расмий түрдө жарыяланганга же расмий түрдө кабарланганга чейин эле күчүнө кирет.
Администрациялык орган тарабынан коюлган ар кандай чектөө алдыга коюлган максатка дал келүүгө жана колдонула турган жүйөнүн, мезгилдин жана орундун, ошондой эле буга тартылган адамдардын чөйрөсүнүн көз карашынан алганда, зарыл (актай турган) пайдалуу жана шайкеш болууга тийиш.
3. Администрациялык же сот тартибинде таламдаш жактын укуктарын токтото туруу (токтотуу) тууралу чечимге карата даттанган учурда, мындай чечимдин күчүнө кириши жана аткарылышы жогору турган орган (жогору турган кызмат адамы) тарабынан чечим чыгарылганга чейин же соттун тиешелүү чечими мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин токтотула турат.
4. Администрациялык акт ага коюлган талаптар аткарылган учурдан тартып же бул актта даректелген адамдарга карата тапшырмалар камтылгандан баштап иш-аракети токтойт.
5. Иш-аракети токтогонго чейин администрациялык акт токтотула турушу, өзгөртүлүшү же ушул актыны кабыл алган органдан (кызмат адамынан) жогору турган орган болбосо сот тарабынан алып салынышы мүмкүн.
Берененин тексти 31.07.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1401/st-12" title="12-берене - Администрациялык жол-жоболор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>