# 11-берене. Администрациялык актыларга жана аларды жол-жоболоштурууга коюлган талаптар

- Документ: [Администрациялык жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1401)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 1-мартындагы № 16 "Администрациялык жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 01.03.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2015 года № 210 "Об основах административной деятельности и административных процедурах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1338/edition/769497/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1401/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жол-жоболор жөнүндө, 11-берене (31.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-11

---

1. Администрациялык акт төмөндөгүдөй талаптарга жооп берүүгө тийиш:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жогору турган органдардын (кызмат адамдарынын) администрациялык актыларына карама-каршы келбөөгө;

- түзүм жөнгө салуу жүйөсүн толук ачып берүүнү камсыз кылууга тийиш, ал эми мазмуну так баяндалып жана администрациялык актыны бир түрдүү түшүнүүнү жана колдонууну камсыз кылууга;

- администрациялык актынын күчү жайылтыла турган адамдардын чөйрөсүн жана (же) анын белгиленген мөөнөттө жүзөгө ашырылышына жооптуу болгон адамдарды толугу менен аныктоого;

- мүмкүн болушунча жөнөкөй жана так, элдин калың катмарына түшүнүктүү болгон тилде жазылууга тийиш. Атайын терминдерди колдонуудан оолак болууга бардык аракеттерди жасоо керек;

- башкаруунун төмөн турган деңгээлиндеги белгилүү адамдарга болгон жүзөгө ашырууну талап кылуучу администрациялык актылар аларды аткаруу боюнча айкын тапшырмаларды камтууга тийиш.

2. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген администрациялык актылар жараксыз болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулбоого тийиш.

3. Ар түрдүү деңгээлдеги администрациялык органдар кабыл алган администрациялык актыларда карама-каршылык болгон учурда жогору турган органдын укуктук актысы колдонулат.

4. Бирдей деңгээлдеги администрациялык орган кабыл алган актыларда карама-каршылык болгон учурда бул чечимди кабыл алуу кайсы органдын компетенциясына кирсе, ошол органдын администрациялык актысы колдонулат. Таламдаш жактын арызы боюнча бир актынын экинчи актыга карата артыкчылыгы тууралу чечим жогору турган администрациялык орган тарабынан кабыл алынат.

5. Ушул берененин 1-пунктунда каралган талаптардан тышкары администрациялык акт төмөндөгүдөй реквизиттерди камтууга тийиш:

- актынын аталышын;

- бул актыны кароо жүйөсүн белгилөөчү преамбуланы;

- актынын кабыл алынган жерин жана датасын;

- тиешелүү актыга кол коюуга ыйгарым укугу бар адамдын (адамдардын) колтамгасын (колтамгаларын).

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-12)
